"Эркин-Тоо"

Президенттин демилгеси менен ачылган МТС

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Фрунзе айылындагы “Кыргызмамасылтукумзавод” мамлекеттик ишканасынын базасында мамлекеттик машина трактордук станция (МТС) ачылды. Ишкана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине байланыштуу жана 100 ири объектини ачуу алкагында ишке ашты. Ошондой эле ачылуу аземинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Кыргызстан боюнча 40 МТС ачуу боюнча тапшырма бергенин белгиледи.

“Кыргызмамасылтукумзавод” мамлекеттик ишканасы өзүнүн машина-трактордук паркын толуктоо үчүн “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКтан лизинг келишиминин негизинде жалпы суммасы 45 млн сомго Кытайдан жасалып чыгарылган SINOMACH үлгүсүндөгү 9 трактор жана 36  айыл чарба шаймандарын алды. 45 млн сомдук каражат 7 жылга 6% менен берилип, ортодо 9 айлык каникул  бар. Шаймандардын ичинде дан, чөп уруктарын себүүчү сеялка, чөп таңгактагыч, тырмооч, дары чачкыч, соколор бар.

Андан сырткары, ушул жылдын жаз айларында 87 млн сомго айыл чарба техникалары, кызылча, картошка жыйноочу комбайндар алынып келет. Ошондой эле, базаны реконструкциялоого 1 млн 200 миң доллар жумшалат.

“Кыргызмамасылтукумзавод” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Жаныш Алгоджаев өз сөзүндө “Бул техникалар менен жерди тазалап, үрөн себүүгө да боло турганын, алдыда келе турган кызылча жыйноочу комбайн бир күндө 10 га жерди казып, жыйнап бере турганына токтолуп, кызылчаны кол менен жыйноодо 10 га жерди жарым айда, бир нече адамдын күчүн колдонуу менен аткарат элек” дейт.  Ал эми арпа, буудай чабыла турган комбайндар менен жүгөрү чаап, жыйноого да болот.

Алдыда бул МТС Сокулук районунун 3 айыл өкмөтүнүн карамагындагы айыл чарба багытындагы 41 миң га жерди айдап-себүү иштерин жүргүзмөкчү. Албетте, пландалган техниканын бардыгы келип баштаса, жалпы Чүй облусунун айыл чарба иштерине тартылып, техника жетишсиздиги боюнча жаралган муктаждык азаят деген ойдобуз. Лизингге келген техникалар менен дыйкандарды тейлөөдө жумуш акысына алынуучу баа мамлекет тарабынан атайын тариф менен тескелет.

«Кыргызмамасылтукумзаводунда» өткөн жылы бир топ алгылыктуу иштер аткарылган. Ишкана өз каражатынын эсебинен чарбалык бир топ оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, буга чейин 282 га жерди иштетип келсе, өткөн жылы 600 га көп жер иштеткен.

Ишкана мамлекеттик актысы алынбай келген 1000 га жердин актысын алып,  чарбанын 3 млн 700 миң сом карызынын 2 млн сомун чегерип, камакта турган 3 сарайдын экөөсүн өздөрүнө кайтарып, тоют базасын да жетиштүү өлчөмдө даярдай алышты.

Ишкананын Баткен облусунда 2 миң  баш тыбыт багытындагы эчкилери болсо, былтыр 525 кг тыбыт алынып, кг 3200 сомдон, ишкана өндүргөн жүн “Кыргыз жүн” ассоциациясына 200 сомдон сатылган.

Азыр жалпы республика боюнча 10 миңге жакын уяң жүндүү меринос койлор багылууда. Асыл тукум кыргыз жылкыларын өндүрүүнү колго алуу боюнча да алгылыктуу иштер жүрүп, Кочкор районуна 200 баш кой чарбасын ачуу  пландалууда.

Алдыда долбоор менен 2025-жылдын аягына чейин 200 баш швиц породасындагы уйларды алып келүү пландалса, аймагыбыз тоолуу болгондуктан топоз чарбасын да колго алуу иштери жолго коюлууда.

Бүгүнкү күндө кой, уйларды асыл тукумдаштыруу иши кызуу жүрүп, чет жактан асыл тукумдуу 200 баш кочкор алып келүү боюнча суйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Жети-Өгүз районунун Оргочор айылынын жашоочулары тыбыт багытындагы 200 баш эчкини өздөштүрүү боюнча кайрылышкан.

“Кыргызмамасылтукумзавод” ишканасы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу  ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевдин ишкананын иш-аракетин жакшыртуу, асыл тукум мал жандыктардын генетикасын өркүндөтүү, ишкананы толугу менен реконструкциялоо боюнча алдыга коюлган иш-аракеттерин колдоп,  бул багытта алгылыктуу иштерди пландап жатат.

 

                                                                                                                        Кенже ОСМОНАЛИЕВА

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!