"Эркин-Тоо"

ПРЕЗИДЕНТТИН “ЭЛ ҮМҮТҮ” СТИПЕНДИЯСЫ

Президенттин “Эл үмүтү” стипендиясын алууга тогуз студент тандалган. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында «Эл үмүтү» стипендиясына кабыл алынган документтердин негизинде тогуз талапкер аныкталган. Аларга 30 млн сомдон ашык суммага стипендия катары каражаттар төлөнүп берилди. Магистранттар Колумбия, Стенфорд, Лондон, Пенсильвания, Копенгаген, Жон Хопкинс, Техас университеттерине өтүшкөн. Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-майында Президент Садыр Жапаров “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын уюштурууга кол койгон. Ага ылайык, дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн кыргызстандыктарга стипендия төлөнөт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!