"Эркин-Тоо"

Президенттин иш башкармалыгында бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду

Президенттин администрациясында бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

«Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кадыралиев Азамат Сактанбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Президенттик администрациянын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Азамат Кадыралиев буга чейин Кыргызстандын Франциядагы элчилигинде кеңешчи, Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол департаментинде иш сапарлар бөлүмүнүн башчысы, ТИМдин мамлекеттик протокол департаментинин директору болуп иштеген. 2022-жылдан тарта Президенттин протоколдук кызматын жетектеп келген.

Ошондой эле, башка жарлыкка ылайык, Алмазбеков Даврон Асхатович Президенттин протокол кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.

Мындан тышкары Суйунтбек Аликеев Сакыевич Президенттин администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду.

Анын ордуна Сагынбаев Канат Латипжанович Президенттин администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!