Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барды.
Сапардын алкагында аймактардагы социалдык жана экономикалык бир катар маселелер талкууланды. Аны менен катар инфраструктураны жакшыртуу, социалдык объекттерди оңдоо жана жаңы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди.
“Ар бир аймактын өнүгүүсү – бул жалпы өлкөнүн өнүгүүсү. Биз элибиздин жашоо-шартын жакшыртууга бардык күчүбүздү жумшашыбыз керек. Социалдык объекттерди заманбап шартка алып келүү менен келечек муун үчүн бекем пайдубал түзүшүбүз керек”,-деди Каныбек Туманбаев.

Пландаштырылган негизги иштер, сунушталган долбоорлор жана каралган маселелер:
- “Каракол” эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин узартуу, 310 гектар жер аянтын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн 4000 метрге чейин сугат суу жүрүүчү лотокторду куруу;
- Ак-Суу айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу;
- Каракол шаарынын тургундары үчүн кичи райондордо эс алуучу бакчаларды уюштуруу;
- Мурунку “Инвест Банктын” имаратынын ордуна бала бакча куруу – өсүп келе жаткан муунга татыктуу билим берүү шарттарын түзүү;
- Ысык-Көл облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана ВИЧти көзөмөлдөө борборунун имаратын жаңылоо;
- Каракол шаарынын Жол чарба муниципалдык ишканасына темир-бетон заводун куруу, шаардын жарыктандыруу жана ирригация системаларын жакшыртуу, жолдорду оңдоо жана жаңы техника алуу;
- Ысык-Көл облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун имаратын жаңылоо;
- Түп айылындагы Кайкин мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү жана спорт аянтчасын куруу
- Элебаев көчөсүндө борбордук аянтты куруу, эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана Түп айылындагы “Кайың бакчасы” (Березовая роща) паркын реконструкциялоо – жашыл аймактарды көбөйтүү жана көрктөндүрүү;
- Түп айылындагы Кайкин мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү жана спорт аянтчасын куруу;
- Балбай айыл аймагынын Ой-Тал айылындагы таза суу маселеси, Талды-Суу айылындагы борбордук жолдун эки тарабын көрктөндүрүү;
- Түп айылындагы Кайкин мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү жана спорт аянтчасын куруу
- Челпек аймагындагы М.Рахимова атындагы мектепке кошумча имарат куруу.
Иш сапардын алкагында “Каракол” жаратылыш паркынын иш алып баруу тутуму электрондошорун айткан Туманбаев буларга токтолду: “Мурун парктын өткөрмөсүнөн кирген унаалардан 50 сомдон жыйналып, жөн гана журналга жазылчу экен. Мындан ары жолдоруна жаңы асфальт төшөлүп, шлагбаумдар орнотулуп, төлөмдөр толугу менен электрондошот. Бул иш мыйзамдуу түрдө, ачык-айкын жүргүзүлүп, түшкөн каражат жашаган элдин керегине сарпталат”.
Каныбек Туманбаев Түп районунун Акими Каныбек Адиевдин сунушу менен таанышты. Тагыраагы Ысык-Көл айыл аймагынын Ынтымак айылына муниципалдык пляж уюштуруу, аймактагы тургундар үчүн кошумча киреше булагын түзүү сунушу колдоого алынды. Аталган айылга өткөн жылы 60 миңден ашуун турист келген. Аталган сунуш боюнча Каныбек Туманбаев төмөнкүлөргө токтолду: “Эгерде биз туристтер үчүн шарт түзсөк, алардын саны дагы да көбөйөт. Бир гана туристтик сезон эмес, жыл бою иштей турган кызматтарды өнүктүрсөк, туризм менен бир айыл эмес, бүтүндөй регионду бакканга болот”.
Жумуш сапарынын соңунда иш башкаруучу: “Биз элдин талабын угушубуз керек. Инфраструктура, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана туризм тармагын өнүктүрүү боюнча конкреттүү кадамдар жасалып жатат. Ар бир башталган иш аягына чейин жетип, жарандар реалдуу өзгөрүүлөрдү сезгенде гана эмгегибиздин үзүрүн көрөбүз”-деди.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, аймактарды өнүктүрүү, жашоочулардын турмуш шартын жакшыртуу жана инфраструктураны чыңдоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөрү белгиленди.