"Эркин-Тоо"
Күн собол Күнсобол Эркин Тоо гезити

ПРЕЗИДЕНТТИН КАЙРЫЛУУСУН КООМЧУЛУК КАНДАЙ КАБЫЛДАДЫ?

Алдыдагы парламенттик шайлоого карай Президент Садыр Жапаров коомчулукка атайын кайрылуу менен чыгып, бийлик шайлоонун таза өтүшүнө шарт түзөрүн билдирди. Өлкө Башчысы буга удаа мамлекеттик кызматкерлерге шайлоонун “шаңына” аралашпоону эскертти. Мындан ары шайлоолордо добуш саноодо бийликтин эч кандай таасири болбой тургандыгын билдирген өлкө Башчысы добуштарды компьютер санап, жыйынтыгын дароо компьютер чыгарып берерин шардана кылды. Келе жаткан шайлоодо татыктуусун гана шайлап, “өз балабыз” деген түшүнүктөн алыс болууга ар бирибизди чакырган Өлкө Башчысынын мындай жалындуу кебин коомчулуктун калың катмары кандай кабыл алды? Биз бул сапар дал ушул суроо менен айрым аттуу-баштууларга кайрылдык.

КР мурдагы вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев: “Президенттин кайрылуусун коомчулук үмүт менен кабыл алды”

– Өлкө Башчысынын бул кайрылуусун коомчулук ишеним жана чоң үмүт менен кабыл алды десек болот. Анткени, ал өзү аймактардын жетекчилерине, дегеле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге кийгилишүүгө тыйуу салгандыгы, добуш сатууга катуу чаралар көрүлөрүн эскерткендиги абдан туура болду. “Кеп чынынан бузулбайт” эмеспи. Мурда тескерисинче, ошолорго тапшырма берилип, күч органдары “каралар” менен баары биригип алып, бийликтин кишилерин “сүйрөп” жүрүшчү. Менин оюмча, Президент Садыр Жапаровдун бул кайрылуусу өз убагында, абдан жеткиликтүү болуп, мындан ары шайлоонун жаңы маданияты калыптанат деп күтө туралы…

Айыл чарба илимдеринин кандидаты Молдобек Ирсалиев: “Президент өз учурунда адилеттүү сөз айтты”

– Алдыдагы аламан жарышта биз “өз балдарыбыздын” ичинен да мамлекетке, өлкөгө, кыргыз элине жакшы ой максаттарды, сунуштарды бере турган билимдүү, өндүрүштө, айыл чарбада, илимде иштеген тажрыйбалуу, мыйзамдарды билген уул-кыздарды шайлап алышыбыз керек. Бир гана жагдай, жарышка аттанган талапкерлер миң үгүтчү жалдаганга укуктары бар экен. Бул жагы албетте, суроо жаратат. Мен тажрыйбалуу илимий инсан катары Өлкө Башчыбыздын шайлоо тууралуу айткандарын толугу менен кубаттайм. Өз учурунда айтылган адилеттүү сөз болду. Эми Өлкө Башчыбыз шайлоонун жүрүшүн аягына дейре өзү көзөмөлгө алып, мыйзамсыз иштерге жол бербей, талапкерлердин бардыгына бирдей шарт түзсө эң демократиялуу жол менен шайлоо өткөргөн Президент катары тарыхта калат. Урматтуу калайык калк, талапкерлердин “алтын шилекейлерин” чачыраткан “бал сөздөрүнө” арбала бербей, капчыктуулардын капчыгына алданбай, чыныгы эл өкүлдөрүн тандоодон жаңылбайлы. Шайлоочуларыбыздын мындан ары алданганга акылары жок. 30 жылдын ичинде алданып келгенибиз жетишет.

Тарых илимдеринин кандидаты Кыяс Молдокасымов: “Миң үгүтчүнү акчалуу талапкерлер гана жалдашат…”

– Учурда бийлик сүйлөп гана койбостон, иш жүзүндө анын өтөөсүнө да чыгып жатканын көрүп жатабыз. Кудай буюрса, алдыдагы аламан жарыштын жүрүшү менен жыйынтыгы ошондой эле болот деп эл үмүттөнүп, зор ишеним менен карап жатат. Бул шайлоодо “Президент айта берет, биз мурдагы шайлоодогудай эле өз ишибизди кыла беребиз” деген көпөстөр жыдыйт. Ал гана эмес, ошол көпөстөрдүн акчасын алып шайлайм дегендердин бир канчасы кармалып, камалабы деп ойлойм. Бирок, элибиздин аң-сезимине сиңген “өз бала, жат бала” синдромун дароо эле жоюп салуу кыйын. Бул шайлоодо анын таасири болот. Мамкызматкерлер, мугалимдер, дарыгерлер баштагыдай ачык аралашпаса да тымызын аракеттенишет. Айрымдары үгүтчү болуп, жалданып маянага иштешет. Баса, үгүтчү демекчи, бул бай-көпөстөрдүн алар аркылуу тымызын акча таратуусунун обьектисине айланат. Бул сапар 1000 үгүтчүгө чейин алганга болот, аларга талапкерлер маяна төлөшөт. Балээнин баары ушунда жатат. 1000 үгүтчүнү акчасы барлар гана жалдай алышат. Алар аркылуу добушту сатып алуу мүмкүнчүлүгү ачылат. Бул мыйзамдын – алешемдиги. Бирок, үмүттү үзбөй туралы. Көч бара-бара түзөлүп, таза шайлоого аракеттер боло берсин демекчибиз.

КР Президентинин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков: “Шайлоонун таза өтөөрүнө ишенсек болот”

– 2020-жылдагы бийлик алмашуудан соң мамлекеттик кызматкерлер өлкө жетекчилигинин амири астында шайлоонун үгүт-насаат иштери менен “шайтан оюндарына” аралашпай калышкан. 30-ноябрга белгиленген парламенттик жарышта дагы мамлекеттик кызматкерлер шайлоонун үгүтүнүн жүрүшүнө түздөн-түз аралашпай турушканын Президент Садыр Нургожоевич белгилеп кетти. Президент мамкызматкерлерге ар бир талапкердин оюн, максатын угуп, аларга добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрүн да жашырган жок. Бул абдан жакшы көрүнүш. Анткени чогулушка барып, талапкерлердин оюн угуш ар бир жарандын укугу деп билем. Президентибиздин кайрылуусунда мектеп же кайсы бир социалдык имараттарды куруп берүү талапкерлердин же болочоктогу депутаттардын иши эмес экендигин, бул ыйгарым укук өкмөттүн гана колунда экенин баса белгилеп айтканы эң жакшы иш болду. Антпесе, буга чейин кандай болгондугун жакшы билчүбүз. Өлкөдө соңку жылдары дал ушул шайлоонун жыйынтыктарын чыгарууда заманбап технологиялар аркылуу өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбалары кеңири колдонулуп келүүдө. Мунун жыйынтыгы менен шайлоолорубуз таза, айрым адамдардын кийлигишүүсү жок электрондук ыкмада эсеп-кысабы чыгарылып жаткандыгы баарыбызга белгилүү. Президентибиздин алдыдагы аламан жарышты утурлай коомчулук алдындагы ачык кайрылуусунан соң, азыркыдай шартта шайлоонун таза өтөөрүнө ишенсек болот.

Калыгул Бейшекеев