"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин катышуусунда 7 министр ант берди

Бүгүн, 18-июнда, Жогорку Кеңеште Министрлер Кабинетинин 7 мүчөсү Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ант берди.

Алар: Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев;

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев;

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев;

Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов;

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева;

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов;

Коргоо министри Руслан Мукамбетов.