"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин Коопсуздук кеңештеринин катчылары менен болгон жолугушуусунда эмнелер талкууланды?

Бүгүн, 19-июнда, Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчылары жана «Борбор Азия — Россия» форматындагы Коопсуздук кеңештеринин катчылары менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы азыркы эл аралык күн тартибин татаал жана көп кырдуу тенденциялар менен мүнөздөп, айрыкча Афганистандагы кырдаалга тыкыр мониторинг жүргүзүүнү улантуу зарылдыгын баса белгиледи.

Садыр Жапаров терроризм ага каршы күрөштө жамааттык аракеттерди жана стандарттуу эмес ыкмаларды талап кылган коркунуч экенин белгилеп, экстремисттик идеологиялардын жайылышы, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун активдүү ишмердүүлүгү менен күрөшүү зарыл экенин айтты.

«Учурдагы кырдаалга кылдат жана сергек баа берүү, аймактагы туруктуулукту бекемдөөгө багытталган биргелешкен алдын алуу чараларын көрүү маанилүү. Коопсуздук маселелерин натыйжалуу, комплекстүү жана системалуу чечүү биздин өлкөлөрдүн калкынын жашоо сапатынын өсүшүнө оң таасирин тийгизери талашсыз», — деди өлкө башчысы.

Коопсуздук кеңештеринин катчылары өз кезегинде терроризм, экстремизм жана киберкылмыштуулук сыяктуу замандын коркунучтарына биргелешип каршы туруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Жыйындын соңунда Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңештеринин катчыларына жамааттык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган биргелешкен конструктивдүү иши үчүн ыраазычылык билдирди.