31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча Президенттин кубогу өткөрүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев билдирди.
Анын айтымында, быйылкы мелдеш 25-жолу өтүп, эң жогорку деңгээлде уюштурулат.
— Президенттин кубогу өлкө боюнча эң жогорку даражадагы көк бөрү мелдеши болуп саналат. Бул жылы анын 25-жолу өтүшү тарыхый дата менен дал келип жатат, — деди Жунусалиев.
Маалыматка ылайык, көк бөрү оюну расмий түрдө спорт катары 1995-жылдан тарта ирээттештириле баштаган. Кыргыз киноискусствосунун өкүлдөрү Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеев оюндун жаңы эрежелерин жазып чыгып, тайказандын алгачкы моделин жасап чыгышкан.
Жаңы жоболор менен өткөн алгачкы расмий көк бөрү мелдеши 1996-жылдын 29-декабрында болгон.

