"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин Пакистанга болгон расмий сапары аяктады

Президенттик Администрациянын басма сөз кызматы кабарлагандай, Президент Садыр Жапаровдун 3–4-декабрда Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапары аяктады.

Маалыматка ылайык, сапардын алгачкы күнүндө мамлекет башчысы Исламабаддагы Аэрокосмостук илим жана технологиялар улуттук паркы (NASTP) менен таанышып, авиация, космос, IT жана киберкоопсуздук багытындагы инновациялык долбоорлорду көрдү.

Экинчи күнү Садыр Жапаров Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф менен тар жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык, транспорттук жана энергетикалык кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулады. Жолугушуунун жыйынтыгында экономика, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, айыл чарба, туризм, энергетика жана юстиция тармактарында бир катар документтерге кол коюлду.

Ошондой эле президент Кыргызстан–Пакистан Инвестициялык диалогунун алкагындагы бизнес-форумга катышып, анда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү сунушталды.

Сапар маалында Садыр Жапаров Пакистандын Президенти Асиф Али Зардари менен да жолугуп, соода-экономикалык байланышты жана маданий-гуманитардык кызматташууну кеңейтүү боюнча пикир алмашты.

Мамлекет башчысы 4-декабрда Бишкекке кайтып келди.