2026-жылдан тарта көпчүлүк ички аба каттамдарына билет баасы туруктуу болот. Башкача айтканда билеттер бекитилген баадан ашырылбай сатылат. Бул аптанын эң жагымдуу жаңылыктарынын бири болду десек болот. Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов мындай демилге Мамлекет Башчысынын тапшырмасы менен ишке ашырылып жатканын билдирди. Аскат Алагөзовдун айтымында буга чейин аймактарга уча турган каттамдардын билеттери акыркы саатта кескин кымбаттап кетип жүргөн. “Президенттин жеке колдоосу жана кубаттоосунун аркасында өлкөнүн Турукташтыруу фондунун дотацияларынын алкагында «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясынын багыттары боюнча тарифтер менен ички аба каттамдардын тармагы кеңейүүдө. Демилге аймактардын жеткиликтүүлүгүн арттырууга, ички туризмди колдоого, региондордогу чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, өлкөнүн резиденттери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Нарын, Талас, Казарманга каттамдар мурда жумасына бир жолу аткарылчу. 4-январдан баштап бул багыттар боюнча жумасына эки жолудан каттам аткарылат» деп жазды Алагөзов.
Эске салсак, 2023-жылдан тарта Өлкө жетекчилиги «Асман аба жолдору» авиакомпаниясын түзүп, эки жыл ичинде Dash 8-400 үлгүсүндөгү80 орундуу 3 учак сатып алынып, каттамдар жанданган. Каттамдарды ачуу үчүн мамлекет эбегейсиз иш аткарып, жарактан чыккан эски аэропортторду ишке киргизүүжумуштары жүрдү. Мына ушул мамлекеттик авиакомпания түзүлүп жатканда ички каттамдарга билет баалары арзан боло турганы да айтылган. Бирок, иш жүзүндө андай болбоду. Каттамдарды аткарууда билет бааларынын кымбат болуп жаткандыгын айтып, көп эле жарандар нааразычылыгын билдирип жүрүшкөн. Бул мүчүлүштүктүжоюп, Президент Садыр Жапаров билет бааларын турукташтырууга тапшырма берди. Билетти сатууда ортодогу айырма Турукташтыруу фондундагы каражаттын эсебинен жабылып турары белгилүүболду.
Түзүлүп жаткан жаңы эрежеге ылайык Бишкек–Талас ички каттамы дүйшөмбүжана жума күндөрүаткарылып, билет баасы 2100 сом болот. Бишкек–Нарын багыты 2100 сом өлчөмүндө бекитилип, дүйшөмбүжана жума күндөрүаткарылат. Бишкек-Казарман каттамы дүйшөмбүжана жума күндөрүучуп, баа 3100 сомдон көтөрүлбөй турган болду. Бишкек–Кербен багытынын баасы 3600 сом деп белгиленип, шаршемби жана жума күндөрүаткарылып турат. Ал эми Бишкек–Баткен багытындагы учактын билет баасы 4500 сом болуп күн сайын учат. Бишкек–Раззаков учагы да күн сайын учуп, баасы 4800 сом болот. Бишкек–Каракол учагы кышында жумасына төрт жолу (мезгилге жараша) учат да баа 4000 сомдон жогорулабайт. Ош–Каракол каттамы 5000 сом, жумасына төрт жолу (мезгилге жараша) болот деп белгиленди.
Кыргызстандагы ички аба каттамдардын ичинен Бишкек–Ош жана Бишкек–Манас багытындагы каттамдардын гана баасы туруктуу болор-болбосу тууралуу маалымат берилген жок. Андыктан азыр түндүк менен түштүктүбириктирген негизги ушул эки каттам туурасында көп суроолор жаралууда. Дал ушул эки каттамдын да билеттеринин баасын турукташтыруу ишке ашса дегендер арбын экени айтпаса да белгилүү. Бирок, «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коому Бишкек менен Оштун жана Бишкек менен Манастын ортосундагы каттамдар учурда ички аба каттамдары рыногунда эң популярдуулардын катарына кире тургандыгын, бул каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн саны дайыма жогору жана суроо-талап авиакомпаниянын мүмкүнчүлүгүнөн бир топ ашып түшөрүн билдирди. Ошондуктан, бул каттамдардагы тарифтерди субсидиялоо мүмкүн эмес. Авиакомпаниянын бааларды төмөндөтүшүсөзсүз түрдө рынокко таасирин тийгизип, башка авиакомпанияларды чыгымга кептей турганы айтылды.
«Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – «Манас», «Ош», «Ысык-Көл», «Каракол» жана «Баткен» эл аралык, ал эми алтоо – «Жалал-Абад», «Исфана», «Кербен», «Казарман», «Нарын» жана «Талас» аймактык макамга ээ.
«Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коому 2025-жылды натыйжалуу жыйынтыктаганын билдирүүдө. Эң негизги жетишкендик – “Манас” эл аралык аэропортунун аэровокзалын кеңейтүү, учуп-конуу тилкелеринде капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүиштери болгон. Андан тышкары “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушу башталганы да маанилүүокуя болду. “Ош” эл аралык, “Ысык-Көл” аймактык аэропортунда да жаңы аэровокзалдардын курулушу башталууда. Каракол аба майданынын да учуп-конуу тилкелери узартылган. Анткени, келечекте Каракол аэропорту эл аралык рейстерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. «Асман аба жолдору» авиакомпаниясы болсо келерки жылы дагы 3 учак сатып алуу алдында турат. 2026-жылы Евросоюздун кара тизмесинен чыгуусу да пландалууда. Бул кара тизмеде Кыргызстан 20 жылдай убакыт туруп келгени белгилүү. Эгер өлкө аталган тизмесинен чыкса, «Асман аба жолдору» авиакомпаниясы эл аралык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Азыр жакшы иштер жасала калганда эл арасында “30 жылда мындай болгон эмес” деген лакап айтылып калбадыбы. Чынында эле авиатармакта мындай жылыштар, жыйынтыктар 30 жылда болгон эмес.
Жазгүл Кенжетаева

