"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин Өзбекстанга болгон иш сапарында эмнелер талкууланды?

Президент Садыр Жапаров 15–16-ноябрь күндөрү Өзбекстанга иш сапары менен барып кайтты.

Сапардын жүрүшүндө ал Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Мамлекет башчылары саясий диалогду кеңейтүү, соода-экономикалык байланышты чыңдоо, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана маданий-гуманитардык кызматташууну тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Тараптар ынак коңшулук жана өз ара ишенимди бекемдөөнүн маанисин белгилешти.

Сүйлөшүүдөн кийин Садыр Жапаров Ташкент шаарындагы Ислам цивилизациясы борборуна барып, Борбордук Азия элдеринин ислам илимине жана маданиятына кошкон көп кылымдык салымын чагылдырган экспонаттар менен таанышты.

Сапардын экинчи күнүндө Президент Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышып, сөз сүйлөдү. Ал чөлкөмдө биримдикти сактоо, өз ара ишенимди бекемдөө жана эл аралык аянтчаларда биргелешкен позицияларды координациялоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу жана башка транзиттик долбоорлордун стратегиялык маанисин баса белгилеп, аймактагы каттамдарды жөнөкөйлөтүү үчүн бирдиктүү электрондук платформа түзүүнү сунуштады.

Иш сапар тараптардын Кыргыз Республикасынын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлиги боюнча кайрылуусуна кол коюусу менен жыйынтыкталды.