"Эркин-Тоо"

Профессор Акылбек Керимбековдун илим дүйнөсүндөгү ийгиликтери

Бардык мезгилдердин эң улуу математиктеринин бири немис математиги Фридрих Гаусс, “Математика – илимдин төрөсү» деп бекеринен айткан эмес. Акылга акыл кошкон бул илимдин адамзаттын жашоо-турмушундагы орду эбегейсиз. Кыргызстанда дагы мына ушундай сыймыктуу илимдин жүгүн аркалап, ири ачылыштарды ачып жаткан илимпоздорбуз көп. Өлкөбүздө математика илим-билиминин өнүгүшүнө талыкпастан ак эмгегин арнап, бараандуу илимий жетишкендиктери менен илимдин бийик сересинен орун алган сыймыктуу инсандарыбыздын бири физика-математика илимдеринин доктору, профессор Акылбек Керимбеков.

Б.Н.Ельцин атындагы КРСУнун 30 жылдык мааракеси ушул жылы чоң салтанат менен белгиленет. Кыргызстандын илим-билим дүйнөсүндө бараандуу аракеттери менен кадыр-баркка ээ болгон жогорку окуу жайдын ушул даражага жетүүсүндө каарманыбыз профессор Керимбеков Акылбек агабыз зор эмгек өтөдү. Биз бүгүн математика илимине из калтырып, өмүр жолу башкаларга өрнөк болгон, коомубуздун таанымал инсаны Акылбек агабыз тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Керимбеков Акылбек 1947-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров (азыркы Айтматов) районундагы Ак-Чий айыл өкмөтүндө малчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1965-жылы Жоон-Дөбө он бир жылдык мектебин аяктап, Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика (1967-жылдан механикаматематика) факультетине тапшырып, аны 1970-жылы ийгиликтүү бүтүрүп, “математик, математиканы окутуучу” квалификациясына ээ болгон.

Эмгек жолун 1970-жылы Жоон-Дөбө орто мектебинде математика мугалими болуп иштөөдөн баштап, 1972–1992-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин “Дифференциалдык теңдемелер” кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1992–1998-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика факультетинин деканы, 1998–2006-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Дифференциалдык теңдемелер» кафедрасынын башчысы болуп иштеген. 2006-жылдан азыркы учурга чейин Кыргыз-Орус Славян университетинин профессору.

 

Профессор А.Керимбеков 50 жылдан ашык убакыттан бери математика илиминин татаал бөлүмдөрүнүн бири болгон “Параметрлери жайылган системаларды оптималдуу башкаруу теориясы” багытында илимийизилдөөлөр менен алектенип келет. 1988-жылы Ленинград мамлекеттик университетинде “Математикалык кибернетика” адистиги боюнча «Телеграфтык теңдемелер системасы менен мүнөздөлгөн процесстерди оптималдуу башкаруу маселелеринин жакындаштырылган чыгарылышы» деген темада кандидаттык, 2003-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институтунда “Дифференциалдык теңдемелер” адистиги боюнча «Параметрлери жайылган сызыктуу системаларды сызыктуу эмес оптималдуу башкаруу» деген темада докторлук диссертациясын коргогон.

2007-жылы докторлук диплому Россия Федерациясынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан нострификацияланып, эки мамлекеттин илимпоз доктору даражасына ээ болгон.

Физика-математика илимдеринин доктору, профессор А.Керимбеков илимий-изилдөө иштерин өзүнүн окуучулары менен “Жарым сызыктуу дифференциалдык жана интегродифференциалдык теңдемелер менен мүнөздөлгөн процесстерди оптималдуу башкаруу теориясын” өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп келе жатат. Илимийизилдөөлөрдүн негизинде алынган натыйжалар боюнча 10 окуучусу физикаматематика илимдеринин кандидаты даражасына (алардын 3өө Россия Федерациясынын Жогорку аттестациялык комисиясы тарабынан бекитилген), 1 окуучусу докторлук илимий даражага ээ болушту жана 7 илимий монография (алардын бири чет элдик басмаканадан чыккан) жарык көрдү. Анын илимий жетекчилиги астында 17 магистрлик диссертациялар жакталган. Ал Казакстандык кесиптештери менен бирдикте жетекчилик кылган 5 казак атуулу PhD-докторлук дипломдоруна ээ болушту.

Профессор А.Керимбеков оптималдык башкаруу маселелеринин чыгарылышын табууда “сызыктуу эмес оптималдаштыруу” ыкмасын иштеп чыккан жана чыгарылышты “программа” же “синтез” түрүндө табуунун конструктивдүү жолдорун көрсөткөн. Анын бул багытта алынган илимий табылгалары 2011-жылы Лондондо – Инженерлердин бүткүл дүйнөлүк Конгрессинде, 2014-жылы Сеулда – Математиктердин бүткүл дүйнөлүк Конгрессинде, 2018-жылы Рио-деЖанейродо – Математиктердин бүткүл дүйнөлүк Конгрессинде окумуштуулар арасында кызыгууларды жараткан жана кеңири талкууланып, жактырылган. Ошондой эле анын “Спектралдык теориянын” сызыктуу эмес маселелерин чыгаруу боюнча иштеп чыккан ыкмасы – 2017-жылы ISAAC эл аралык конференциясында (Швеция) кызуу талкууланып, окумуштуулар тарабынан колдоого ээ болгон.

Чет элдик жана ата-мекендик университеттердин ардактуу профессору болгон Акылбек Керимбеков учурда Табигыйтехникалык факультетинин “Колдонмо математика жана информатика” кафедрасынын профессору жана Россия Федерациясынын тунгуч Президенти Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин астындагы өзү демилгелеп уюштурган “Оптималдаштыруунун математикалык методдору (ОММ) – ОПТИМАЛ” илимий борборунун директору болуп эмгектенүү менен бирге өлкөбүзгө мекенчил, жогорку квалификациялуу адистерди жана жаш окумуштууларды даярдоонун үстүндө күрдөөлдүү иштеп жатат. Элибиздин сыймыктуу уулу болгон агайыбызга өзү жактырган “Туура тамактануу, туура сүйлөө, туура иштөө” принцибинен жазбай узак өмүр сүрүшүн каалайбыз!

Дөөлөтбек ШАДЫБЕКОВ, КРнын Аксакалдар кеңешинин төрагасы:
«ИЛИМДЕ ЧОҢ-ЧОҢ БИЙИКТИКТЕРДИ БАГЫНДЫРДЫ»

Акылбек Керимбеков менен тээ алыста калган бала чагыбыздан бери эле бирге келе жатабыз. Азыркы Айтматов районундагы Жоон-Дөбө орто мектебинен билим алдык. Жогорку билимди дагы Кыргыз мамлекеттик университетинен алып, өзүбүз жактырган кесиптин ээси болдук. Андан ары ал илимге киришип, чоң-чоң бийиктиктерди багындырды. Жердешимдин жетишкендиктерине кубанып, аны кош колдоп кубаттап, ийгилик, сыноо коштогон жылдарында бирге жүрдүк. Акылбек өзү табиятынан адамкерчиликтүү, жөнөкөй инсан. Математика илиминин доктору боло туруп, өз илими менен гана чектелбестен, атабабаларыбыздын тарыхына үңүлө кирип, кызыктуу табылгаларды чагылдырган бир нече китептерин чыгарды. Акылбек досум айтор, окумуштуу-профессор катары дагы, атуул катары дагы төрт тарабы келишкен адам. Мен Акылбек досум менен сыймыктанам. Аман-эсен болуп, математика илимине кошкон салымдары муундарыбызга көрөңгө болуп, анын үзүрүн көрсүн!

АШИРБАЕВ Бейшембек Ыбышевич, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент – агайдын докторанты:
«ОКУМУШТУУЛАР АРАСЫНДА КАДЫР-БАРКЫ ЖОГОРУ МАТЕМАТИК»

Акылбек агай курма дарагындай бийик сапатка ээ болгон, бал аарысына окшоп адамдардан жакшылыгын аябаган жана аяр мамиле жасаган, кумурскадай мээнеткеч адам. Окумуштуулар арасында кадыр-баркы жогору математик. Анын жакшы сапаттарын жана илимдеги жетишкендиктерин 2022-жылы КыргызОрус Славян университети Акылбек агайдын 75 жашка толгондугуна жана илимийпедагогикалык ишмердүүлүгүнүн 50 жылдыгына арнап өткөргөн «Оптималдуу башкаруунун, динамикалык системалардын жана оператордук теңдемелердин теориясынын актуалдуу маселелери» аттуу IV Эл аралык илимий конференциянын Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан келишкен чет элдик катышуучулары да белгилешти.

Окуучулары жана бирге иштешкендер Акылбек агайды айкөл окумуштуу, адамгерчилиги бийик, жаштардын насаатчысы, кесиптештеринин арасындагы туруктуу тең салмактуулукту сактоонун гаранты, мекенчил адам катары сыйлашат. Агай, ушул аброюңуз кут болсун! Сизге бекем ден-соолук, узак өмүр, илимий-педагогикалык иштериңизде албан ийгиликтерди каалайм.

БАЕТОВ Авалкан Куканович, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент:
«УРУНТТУУ ОКУЯЛАРДЫ ЧАГЫЛДЫРГАН ТАРЫХЫЙ ЭМГЕКТИН ДА АВТОРУ»

Акылбек Керимбекович илимий-изилдөө иштерине жаштарды кеңири тарткан окумуштуу. Агайдын илимий жетекчилиги менен 10дон ашык талапкерлер физикаматематика илимдеринин кандидаттары болушту. Алардын арасында мен да бармын. Булардын 3нүн дипломдору Россия Федерациясынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан бекитилгени да Акылбек агайдын жогорку деңгээлдеги окумуштуу экендигинен кабар берет. Оптималдык башкаруу теориясы прикладдык (колдонмо) илимдердин катарына кирет. Турмушта, техникада кезигүүчү көптөгөн процесстерди оптималдаштыруу, оптималдуу башкаруунун математикалык теориясынын негизин түзөт. Ошол себептен, оптималдуу башкаруу маселелери турмушта көптөгөн колдонулуштарга ээ жана актуалдуу маселелер катары белгилүү. Акылбек Керимбекович түзгөн “Оптималдык башкаруунун сызыктуу эмес теориясы” аталышындагы илимий мектеп – азыркы учурда көптөгөн жаш изилдөөчүлөрдү өзүнө тартуу менен актуалдуу маселелерди чечүүнүн үстүндө иш алып барууда.

Акылбек Керимбекович математика илимин эле аркалабастан, кыргыз элинин басып өткөн жолун, тарыхын, урунттуу окуяларды чагылдырган тарыхый эмгектин да автору. Агайдын көп сапаттары аны менен иштешкен жаштардын жана болочок окуучуларынын жакшы адам болуп калыптанышына чоң таасир берерине терең ишенем.

АБДЫЛДАЕВА Эльмира Файзулдаевна, физика-математикалык илимдеринин кандидаты, доцент – агайдын докторанты:
«АГАЙ – ОКУУЧУЛАРЫНА КАМКОР МАМИЛЕ ЖАСАГАН ЖЕТЕКЧИ»

Агайды университетте студент кезимде мага сабак берген мугалимим катары айтсам, абдан сылык, маданияттуу, өзүнүн сабагын терең билген жана жеткиликтүү жеткире алган окумуштуу.

Агай – илимий деңгээли жогору, адамгерчилиги бийик, окуучуларына камкор мамиле жасаган жетекчи. Ошону менен бирге окуучуларынын билиминин терең болушуна талапты катуу коет жана убактысын аябастан илимий семинарларда алардын билим деңгээлин үзгүлтүксүз текшерип турат.

Агай менен чогуу эл аралык математиктердин жыйындарына (конгресс, симпозиум, конференцияларга) барганда чет элдик окумуштуулардын агайдын илимий эмгектерине чоң кызыгууларына жана жогору баалай тургандыгына күбө болдум. Айрыкча, оптималдуу башкаруу теориясы боюнча эмгектенген Казакстандын, Түркиянын, Россиянын окумуштуулары агайдын эмгектерин жогору баалашат экен.

ЭРМЕКБАЕВА Айжан, физика-математика илимдеринин кандидаты:
«УСТАТ КАТАРЫ ҮЛГҮЛҮҮ ЖАНА ӨРНӨКТҮҮ»

Акылбек Керимбекович белгилүү математик, чыгаан илимпоз, устатыбыз, физика-математика илимдеринин доктору, профессор. Аң-сезимдүү жашоосунда таза, ак көңүл, жардам сураган адамдарга кеңешин айткан, устат катары үлгүлүү жана өрнөктүү, адамгерчилиги бийик, жөнөкөйлүгү менен айрымаланган инсан. Акылбек агай акылы терең, пейли кенен, нагыз бийик сапаттарга ээ адам. Агайды руханий насаатчы деп айтсам болот. Чыгаан педагог, мыкты устат, таланттуу жетекчи. Агай адамгерчиликти дайыма биринчиге койгон киши. Өзүнүн илимий мектебин түздү. Биз – шакирттери агайдан тартынып же коркуп эмес, агайды уят кылып койбойлу деп иштечүбүз жана иштейбиз. Акылбек агай, үлгүлүү, бакубат жашоодо бактылуу өмүр сүрүңүз!

Гүлгаакы (Айтбүбү) Алымова, филология илимдеринин кандидаты, доцент:
«ДҮПҮЙГӨН ДАРАК БОЛГУН БУТАК ЖАЙЫП»

2015-жылы Казак мамлекетинин Тараз шаарында Акылбек агайдын жүрөгүнө хирург, профессор Жошибаев Сеиткан 14 саатка созулган эң оор операция жасаган. Ошол учурда жазылган ыр.

Дарт көтөрдүң, жүрөктү оңдоо оңой эмес,
Бирге болду сени менен тилегибиз!
Теңтушчулук, сакаярда тамаша айтып,
Жүрөгүңдү жөлөп турду жүрөгүбүз!

Ой чабытың олбурлуу, дүйнөң кенен,
Таластын дандуу чыккан уругусуң.
Ата-энең атыңды туура койгон,
Кыргыздын камчыга сап кулунусуң!

Адамдык наркыңдын улуулугу –
Шардыгың, пейилиңдин кенендиги.
Жемиштериң илимдеги жетишилген –
Акыл нуктун азайбас тереңдиги!

Дүпүйгөн дарак болгун бутак жайып,
Жүз жашта да жүрөгүң согуп турсун!
Теңтуштардын текебер тамашасы,
Бөксөрбөй аягыңа толуп турсун!

МАТЕМАТИКА ИЛИМИ УЯЛАГАН ҮЙ-БҮЛӨ

Профессор Акылбек Керимбековдун өмүрлүк жубайы Чолпон Осмонова дагы математика илимдеринин кандидаты болгондугу жалпыга маалым. Бир түндүктөн түтүн булаткан жубайлар 50 жылга чукул бирге өмүр сүрүшүп, илим менен билимдин сересине жетишти, коомубуздагы кадырбарктуу таанымал үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап, жылдыздуу жылдары менен үлгү болушту.

Чолпон Осмонова 1993-жылы Иркутск мамлекеттик университетинин Диссертациялык Кеңешинде “Жылуулук процесстерди өзгөчө оптималдуу башкаруу” аталышындагы диссертациясын ийгиликтүү коргоп, физикаматематикалык илимдеринин кандидаты деген илимий даражага ээ болгон. Диссертациянын илимий жыйынтыктары, аталышында айтылып тургандай эле, оптималдык башкаруу теориясында өзгөчө орунду ээлейт. Чолпон Осмонова математиканын жаңыдан өнүгүп келе жаткан татаал тармактарынан болгон “Оптималдык башкаруу теориясы” багыты боюнча илимий диссертация коргогон – кыргыз кыздарынын биринчиси !

Өзүнүн аң-сезимдүү жашоосунда болгон күч кубатын, топтогон тажрыйбасын кыргыз жаштарынын жакшы адис болуп калыптанышына жумшаган Чолпон Осмонова 75 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Анын адамгерчилиги, акыйкаттуулугу, боорукеркайрымдуулугу, чынчылдыгы жана кайраттуулугу жубайынын, алпештеп өстүргөн кызынын, неберелеринин, бир-туугандарынын жана аны жакшы билген жолдошторунун эсинде дайыма сакталат!

Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА
№39 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 16-майы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!