Көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына эбегейсиз кошкон салымы, жаш-муундарга татыктуу тарбия, билим берүүдөгү жетишкендиктери, жогорку кесипкөйлүгү жана коомдук ишмердиги үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Бул сыйлыкты Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин демилгеси менен, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, Түркия Улуттук жыйынынын 100 жылдык мааракесине жана 2021-жыл Эгемендүүлүк маршы жылына(Түркиянын Улуттук гимнине) арналган “Түрк дүйнөсүнүн кечээкиси, учуру жана келечеги” аттуу симпозиумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Аида Касымалиева тапшырды.
Аталган окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан ыраазычылык билдирүү менен төмөнкүлөргө токтолду: “ КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан мага ыйгарылган сыйлык мен үчүн чоң сыймык. Бул жетишкендик жалпы жамаатыбыздын эмгеги. Биз мындан ары да жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, Кыргыз Республикасы жана Түрк дүйнөсүнүн келечеги үчүн кызмат кылууга болгон күчүбүздү жумшайбыз. КТМУнун атынан бир тууган кыргыз элине жана КРнын Жогорку Кеңешине ыраазычылык билдирем”-деген оюн билдирди. Ошону менен катар Университетке чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген эки боордош өлкөнүн мамлекет башчыларына жана Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратынын Коммуникация бөлүмүнүн башчысы жана окуу жайыбыздын Камкорчулар кеңешинин төрагасы Фахреттин Алтунга ыраазычылыгын билдирди.