"Эркин-Тоо"

Профессор, илимпоз Айылчы САРЫБАЕВ: “КАЙЫРМАКТЫН БАШЫ ЫРГЫП КЕЛИП КУЛАГЫМА ИЛИНИП КАЛСА БОЛОБУ”

КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, экономика илимдеринин доктору, Экономика жана финансы институтунун ректору Айылчы Сарыбаевди кимдер гана билбейт.

Профессор, белгилүу экономист Айылчы Сарыбаев чейрек кылымдан ашык нечендеген студенттерге, аспиранттарга, докторанттарга билимин берип, кеңешин айтып, көргөн-билген тажрыйбасынан бөлүшүп келет.

Бирок, акын Ш.Дүйшеев агабыздын “Тозок болду Дүйшеев болуш” деген ырындай, “Айылчы Сарыбаев” деген атты жасоо, калдайган калың элге илимпоз, окумуштуу катары таанылуу канчалык оор болгону өзүнө гана маалым.

Биз агай менен маек куруп кайттык. Маегибиз адаттагыдай мамлекетибиздин экономикалык абалы, жаштардын билим деңгээли, илим туурасында эмес, илимпоздун бала чагы, басып өткөн жолу, илимге таштаган кадамы, андагы кыйынчылыктар туурасында болду.

— Айылчы ага, илим алуу ийне менен кудук казгандай дешет го, ушул даражага жеткенге чейин кандай жолду басып өттүңүз?

— Мугалим болом, илимге кетем деп ойлогон эмесмин. Ага кызыгуум деле болгон эмес. Борбордогу финансы-экономикалык техникумун аяктагандан кийин Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүндө эсепчи болуп иштеп калдым. Ошентип эмгек жолумду бухгалтер болуу менен баштадым. Райондо 33 мектеп бар болчу. Мугалимдердин эмгек маянасы өтө жогору эле.

Григорьевка айылындагы мектеп директорунун айлыгы 305 сом болчу. Бул эмне деген айлык деп аябай таң калчумун. Себеби, бухгалтер менин айлыгым 65 сом болчу. 305 сомду ал кезде райком, исполкомдор алчу эмес. Демек, мугалимдердин деңгээли, бала окутуусу мамлекет үчүн өтө зарыл экени ошол мезгилдеги өкмөттүн саясаты болгон. Мугалимдик иш абдан ардактуу эле. Студенттен акча алат деген дегеле түшкө кирчү эмес. Каржы министрлигинин аппаратына кетсемби деп жүргөн кезде кафедра башчыбыз кафедрада калып иште деп, суранып жатып, зордоп калтырып койду. Ошентип 1974-жылдары мугалимдик ишке киришип, иштеп жүрдүм. Кийинчерээк мугалимдик кесиптин баркы кете баштады. 1990-жылдан кийин ачарчылык мезгили келди. Экономика бүт кыйрап, колхоз, совхоз иштебей калды. 1,5 миллиондой алдуу-күчтүү азаматтарыбыз чет өлкөгө чыгып кетти. Ошол убакта биздин айлык менен бир ай жашоого мүмкүн болбой калган. Окутуучулуктун сапаты, кадыры кетип, күчтүү мугалимдер калбай калды.

— Өзүңүз айткандай, мугалимдик кесип мурун барктуу болгону менен акыркы жылдары баркы кетип, орустар айтмакчы “неблагодарный” жумуш болуп келгени чын. Айлыгы аз, бааланбаган иштен басып кетип, башка эле иш кылайын деген ойлор болдубу?

— Болду. Ошол 90-жылдан кийин “рынок экономикасы” деген түшүнүк пайда болду.

“Базар экономикасына өтсөк, чет өлкөдөгүдөй ири ишканалар биздин өлкөдө да ачылса мугалимдикти таштап, ошол жакка консультант-финансист болуп кетип калсамбы” деп ойлодум. Анткени жогоруда айткандай аябай кыйналдык, ал кезде айылдан келгендердин бардыгы батирде турчубуз. Башка ишке кетсем айлыгым көбүрөөк болуп, жашоом кенен болот беле дедим. Ал эмес ошондой ой менен даяр докторлук ишимди таштап койдум. Бирок, тилекке каршы баары мен ойлогондой болбой, андан кийин “тамагыңды эмес, табагыңды таап ал” болуп ишканалардын бардыгы жумушсуз калды. Анын артын ойлогон бирөө болгон жок.

— Эмнеге бул тармакты тандап алдыңыз эле?

— Бул өзү кызык нерсе. 8-классты бүткөндөн кийин шаарга келдим. Финансы техникумуна окууга өттүм. Окууга өтүп, айылга барсам, класс жетекчим, мугалимдеримдин бардыгы нааразы болду. “Сен эмне бухгалтердик жакка кеттиң, эми жегич-ичкичтерге аралашасың. Сен мындайга барбашың керек болчу. Жазуучу, журналист же инженер болушуң керек эле. Туура эмес кесип тандап алдың” дешти. Анткени мени бардыгы жазуучулук жакка кетет деп ойлошуптур. Ага себеп окуучу кезде мектепте жолдош балам С.Байгазиев, А.Токтомушев үчөөбүз ыр, макала жазып, материал даярдап мектептин “Дүбүрт” деген дубал гезитин чыгарчубуз.

— Бала чагыңыз кандай өткөн?

— Жумгалда үч чоң айыл бар эле. Анын бири Чаек, бири Кайырма, бири Жаңы-Арык болчу. Миң-Куш өзүнчө эле шаарча болгондуктан, ал убакта биз үчүн Москвадай эле болчу. Мен Кайырма орто мектебинде окудум. Аталган айылдардын мектептери да жакшы, ага жараша күчтүү мугалимдер сабак берер эле. Мугалимдерди атайын Бишкектен жиберишчү. Биз шаардан келген мугалимдердин жүргөн-турганын, кийген кийимин, аял киши болсо боенгонуна чейин карап отурчубуз. Биз да Бишкекке барып окусак, анан ушул кишилердей болсок дечүбүз. ЖОЖдо окусак дегенде ак эткенден так этчүбүз. Анткени келечекке ишенчүбүз. Айтор, алар бизге өзүнчө эле мотиватор болушту. Жеке менде башкарма же райком болом деген максат болгон эмес.

Мектепте “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Эр Төштүк”, “Курманбек” китептерин окуп чоңойдук. Күнүбүз Кыргызстандагы болгон акын-жазуучулардын китептерин окумай менен өтчү. Анан “мен мынча китеп окудум, мен бул чыгарманы бүттүм” деп мактанчубуз. Азыркы мугалимдерге салыштырмалуу ал кезде мугалимдердин тарбиясы катуу, билими күчтүү болчу. Айткан акыл-насааттары азыр да мээбизде турат. Экскурсия деп айылдын башына же капчыгайга эки лимонад, 3 жумуртка, нан алып барып алып, таш кулатып ойноп, чие, согон терчүбүз. Айтор, эч нерсе менен ишибиз жок аска-зоонун арасында чоңойдук. Биздин айыл азыр “Байзак” айылы болуп калды.

— Айылдык мектепти аяктап, борборго келгенде кыйналдыңызбы?

— Аябай кыйналдым, өзгөчө орус тилден. Мектепте болгон чыгармаларды кыргызча окучубуз да, андыктан орус тилинин анчалык деле кажети жоктой сезилчү. Кураторубуз орус эле, ал кыйналганымды байкаган окшойт. Бир күнү чакырып алып “Айылчы, сен мектепти жакшы окуп келиптирсиң. Байкап атам, аракетчил экенсиң. Бирок, орус тилин үйрөнүшүң керек. Сен эми болду кыргызча окуганды токтот” деди. Ошентип орусча жомокторду, гезиттерди окуп баштадым. Киного барабыз. “Октябрь” кинотеатры да маңдайыбызда, кайсы жаңы кино келсе киребиз. Анда кыргызча кино жок болчу. Ошентип орус адабиятын бүт окуп чыктым. Өзүмдүн да ушундай бир сапатым бар, колума кандай китеп тийсе аны аягына чыгармайын уктабайм. Кызыксам бир китепти бир түндө окуп чыгам. Ушул сапатым мага орус тилин үйрөнгөнгө аябай жардам берди.

— Сизди тарбиялаган инсандар туурасында билгим келет.

— Атам Сарыбай эч ким менен урушпаган, тартышпаган, бирөөгө жаман айтпаган жоош адам болгон. Колхоздо бригадир кайда жумшаса ошол жака барып иштечү. Мал бакты, пилорамада, кырманда иштеди. Башкармалардын бардыгы сыйлап турчу. Атам согушка чейин чоң мергенчи болуп, бая кыйынчылык заманда бир айылды кийик атып келип бакчу экен. Анан согуш башталып, согушка кетет. Кийин согуштан келгенден кийин таптакыр колуна мылтык кармабай калган дешет. Көрсө, туткунда болгон тура. Энем Сейилкан кушчу уруусунун кызы. Тайларым колунда бар адамдар болуптур. Таякем өмүр бою башкарма болду. Эне-атам көп балалуу болушканы менен көбү каза болуп калыптыр. Эркек балдарынан улуусу мен. Апам аябай эмгекчил анан жомокчу адам эле. Кадимки эле маңкуртту мен биринчи апамдан уккам. Бул кыргыз эл жомогу. Аны кийин Ч.Айтматов чыгармасына кошуп, адабиятташтырып, китеп кылып чыгарды. Бул жакшы жөрөлгө болду. Мына ушуга окшогон чыгармаларды көп айтчу. Апам байкуш “бизге кызыл жакпайт” деп калчу. Анысын түшүнчү эмесмин. Көрсө уурулук, оңой оокат дегени экен.

— Балалык шоктук менен таяк жеген учурлар эсиңиздеби?

— Шок болгонум чын, бирок бирөөлөр менен талашып-тартышып мушташкан күнүм болгон жок. Анын үстүнө мектепте класском, отличник болгондуктан, жоопкерчиликти сезчүмүн. Классыбызда Калачы деген бала бар эле. Калачы, Айылчы болуп экөөбүз бир партада отуруп, атаандашып жакшы окуп, мектептин алды болдук. Бала кездеги бир окуяны такыр унутпайм. Айылдын аягында сай боло турган. Андан балык кармачубуз. Бир күнү да балык кармап отурсам, кайырмагыма бир нерсе илингендей болду. Көтөрө койсом балык түшүп кетип, кайырмактын башы ыргып келип кулагыма илинип калса болобу. Учтуу неме кулагымды жырып, кирип кетти. Ооруп, ыйлап эле жатып калдым. Кулагыма илинген кайырмакты алып апам экөөбүз айылдагы дарыгерге бардык.

Барсак тиги доктур бакыртып, өкүртүп, кычкач менен кулагыман кайырмакты чыгарып берген.

— Илимпоздор, бош убактыңыздарды китеп окуудан башка дагы кандай нерсеге арнайсыздар?

— Толтура

— Мисалы сиз?..

— Жеке мен шахмат, карта ойногонду жактырам. Анан саякаттап, жер көрүп, эл тааныганды жакшы көрөм. Кудайга шүгүр, бир катар өлкөлөрдө болдум. Саякат жакшы нерсе, адамдын дүйнө таанымын кеңейтип, акыл-эсиңди өстүрөт.

— Эл билбеген кандай өнөрүңүз бар? Искусствого жакынсызбы, спорт менен мамилеңиз кандай?

— Жаш кезде ырдачубуз. Спортко да катыштык. Эми бардыгы ченеми менен. Өзгөчөлөнүп бир жагына оогон жокмун.

— Жаш кездегидей азыр деле кинотеатрга барасызбы?

— Ооба. Кемпирим экөөбүздү неберелерим кезектешип киного чакырып турушат. Өзгөчө Космопарктагы кинотеарга көп алып барышат.

— Экономисттер акчага кандай мамиле жасашат?

— Эч качан акчаны кубалабаш керек деген принципти карманам. Акча сени кубаласын. Ал үчүн кайсы тармактын адамы болсоң да ошол иштин адиси болушуң керек. Көпчүлүк экономисттер акча жасаганды билет деп ойлошот. Бирок эмдигиче акча деген эмне экенин жакшы түшүнө элек экономисттер бар.

— Чакан «мамлекетиңиз» туурасында айтып берсеңиз, агай?

— Жубайым тарыхчы, Жумгалдын кызы. Эки уул, жети неберем бар. Баягы “үйдөн эмнени көрсө, учканда ошону алат” дегендей, мугалимдерди көргөн балдар мугалимдей эле болуп калат экен. Бирок менин оюмча эркек бала мугалим эмес, ишкерлик, мамлекеттин өнүгүүсүнүн үстүндө, саясатта иштеш керек. Бир неберем менин жолумду жолдоп, финансы техникумун аяктап, азыр Кытайда окуп жатат. Экинчи неберем Турцияда окуп жатат, ал дагы экономист. Калган неберелерим мектепте окушат.

— Өмүрлүк жолдошуңуз менен таанышуу кандай болгон?

— Чачы узун болчу. Чынында биринчи чачына көңүлүм бурулган. Андан кийин өзүн алып жүргөнү, мүнөзү менен жүрөгүмдөн орун алды. Ар бир бала төрөгөн аял жакшы. Анткени ал жаманбы-жакшыбы сага бала төрөп берди. Сенин тукумуңду улады. Мына ушул чоң байлык.

Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА