"Эркин-Тоо"

Профессор Курманали Матикеевдин китеби англис тилинде АКШда жарык көрдү

Ош мамлекеттик университетинин профессору, илимдин доктору Курманали Матикеевдин “Кыргыз улутунун тарыхый географиясы” аттуу жаңы китеби АКШнын Калифорния штатындагы Publishing Genie басмаканасында англис тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

«Бул эмгек кыргыз тарыхы жана Борбор Азиянын тарыхый географиясы боюнча маанилүү изилдөө болуп, азыркы Кыргызстандын аймагында жана чегинен тышкары жайгашкан тарыхый мамлекеттердин пайда болушу, өнүгүшү жана кулашын жаңыча карап чыгат. Китепте кыргыздардын жана Борбор Азиядагы башка элдердин түптөлүшү географиялык анализдер аркылуу терең чагылдырылган.
“Кыргыз улутунун тарыхый географиясы” АКШнын Конгрессинин китепканасында сакталып, дүйнөлүк илим чөйрөсүндө олуттуу бааланып келет. Китептин англис тилинде жарык көрүшү кыргыз тарыхын эл аралык деңгээлде таанытууга өбөлгө түзөт», – деп жазылат маалыматта.

Курманали Матикеев – илимдин доктору, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы, насаатчы, бүткүл Кыргызстанга, Борбор Азияга жана Евразияга белгилүү болгон окумуштуу. Анын илимий кызыкчылыктары физикалык география жана тарыхый географияны айкалыштыруу менен кыргыз элинин маданий байлыгы болгон «Манас» эпосун тарыхый булак катары пайдаланып, ѳткѳн окуяларды талдоого басым жасайт.