Профсоюз тарабынан Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражатынын эсебинен санаторий-курорттук мекемелерге жолдомо берүүгө мораторий киргизилгени «Токтом» маалыматтык-укуктук порталында жазылган.
Билдирмеге караганда, мындай жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол коюп, документ 2027-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.
«Фондго түшкөн каражат санаторий-курорттук мекемелердин имараттарынын капиталдык курулушуна жана оңдоого, ошондой эле алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалмакчы», — деп жазылат маалыматта.
Президенттин иш башкармалыгына ушул жылдын аягына чейин санаторий-курорттук мекемелердин объектилерин убактылуу пайдаланууга кабыл алуу жана иштеп жаткандарын, туристтик объектилерди заманбап талапка шайкеш келтирүү иштери жүктөлгөн. Ал эми министрлер кабинетине 2028-жылдын 1-январынан тартып фонддун каражатын бөлүштүрө турган ыйгарым укуктуу органды аныктоо тапшырылган.