"Эркин-Тоо"
Кылмыш

Прокуратура 20 млн сомдук жер тилкесин мамлекетке кайтарды

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Баткен облустук прокуратурасы тарабынан баасы 19 млн 200 миң сомдук 10 гектар жер тилкеси Кара-Бак айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган айыл өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-октябрындагы жер мыйзамынын талаптарын бузуу менен кабыл алынган токтомунун негизинде А.Н. аттуу жаранга 10 гектар жер тилкеси мыйзамсыз берилгендиги аныкталган. Мыйзамсыз жеке менчикке берилген жер тилкени кайтаруу максатында прокурордук акт жазылып, жогорудагы токтом жокко чыгарылып, жер тилке муниципалдык менчикке кабыл алынды.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.