"Эркин-Тоо"

Прокуратура органдарынын былтыркы ишмердүүлүгү кандай болду?

Башкы прокурор Курманкул Зулушев мыйзамдуулуктун абалы жана анын үстөмдүгүн чыңдоо боюнча 2023-жылдагы прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Маалымат жыйынга бир катар маалымат агенттиктердин кабарчылары жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Башкы прокурор кириш сөзүндө өлкөнүн башкы кзөмөл органын жетекчиси коррупцияга каршы туруктуу күрөш, мамлекеттин, жарандардын, жеке ишкерлердин укуктарын коргоого багытталган прокурордук көзөмөл боюнча аткарылган иштер тууралуу, ошондой эле өлкө аймагындагы кылмыштуулуктун жана мыйзамдуулуктун абалы боюнча жалпы маалымат берди.

Жалпы кылмыштуулук

2023-жылы республика боюнча 41 961 (45 096) кылмыш катталып, алардын 4968  оор жана өзгөчө оор кылмыштардын категориясына кирген. Салыштырып айтканда кылмыштуулук 2022-жылга караганда — 7 пайызга же 3 135 кылмышка азайган. Катталган кылмыштардын 65 пайызынын бети ачылып, өндүрүштө болгон кылмыш иштеринин ачылышы 17 пайызга өскөн.

Тергөөнү жана изин суутпай издөө ишине көзөмөлдөөдө өткө жылы 28 289 кылмыш ишинин тергөөсү аяктап, 9 603 кылмыш иши соттук кароого жиберилсе, 18 685 кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылган. Ал эми соттор тарабынан 100 кылмыш иш тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн кайра тергөөгө кайтарылган.

Ошондой эле өндүрүштөн мыйзамсыз кыскартылган 3 406 жана өндүрүштөн мыйзамсыз токтотулган 5 510 кылмыш иштеринин токтомдору прокурорлор тарабынан жокко чыгарылып, алардын ичинен бүгүнкү күнү 448 кылмыш ишинин тергөөсү аяктап, соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

Жогоруда белгиленгендей иштерди жүргүзүүдө прокурорлор тарабынан тергөө органдарына 11 616 жазуу түрүндө көрсөтмөлөр берилген. Тергөө жана изин суутпай издөө ишинде орун алган мыйзам бузуулар боюнча келтирилген прокурордук чара көрүү актыларынын негизинде 726 укук коргоо органдарынын кызматкерине тартиптик чаралар колдонулган.

Курманкул Зулушевдин оор эмес кылмыштарды жасагандарды камакка алуу учурларын токтотууну талап кылып жатканына да токтолду. “Мен ар бир прокурорго алар карап жаткан кылмыш иштин артында бир эле адам тагдыры эмес, анын үй-бүлөөсүнүн, жакындарынын санааркоосу жана укук коргоо органдарынан акыйкатты, мыйзамдуулукту күткөн үмүтү бар экенин эстен чыгарбай, ар бир ишти кароодо шалаакылык менен кайдыгерликке жол бербөөнү эскертим. Ошондой эле тергөө органдарынан алдамчылык фактысы боюнча иш козгоодо, анын мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө баа берүүнү, жарандык тартипте чечиле турган маселелер боюнча да иш козгоп, анча оор эмес кылмыштарды жасагандыгы үчүн бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу учурларын токтотууну талап кылуудамын”, — деди Баш прокурор.

Кошумчалай кетчү жагдай, соттун өкүмү менен 275 млн 472 миң 314 сомго айып пул салынып, анын ичинен  69,5 пайызы (191 млн 727 миң 545 сом) өндүрүлгөн.

Балдарга жана аялдарга жасалган зордук-зомбулук

Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында прокуратура органдары тарабынан 1 233 текшерүү жүргүзүлүп, 2 721 мыйзам бузуулар аныкталып, аларды жоюу багытында 1 352 чара көрүү актылары келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен 1 250 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке, 57 кызмат адамы айыпка тартылып, 12 965 455 сомдук зыян мамлекеттин эсебине өндүрүлүп, 23 кылмыш иши козголгон.

Былтыркы жылы балдарга карата жасалган кылмыштар 2022-жылга  салыштырмалуу 123 кылмышка өсүп 1 832  (1 790) кылмыш иши козголгон, алардын ичинен 679 кылмыш иши балдарга карата зордук-зомбулук фактылары боюнча. Аталган кылмыш иштердин ичинен 1 086 кылмыш иш соттук кароого жиберилген, 658 кыскартылган, 206 иштин өндүрүшү убактылуу токтотулган жана 75 иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жетим балдардын укуктарын коргоо багытындагы мыйзам талаптарынын аткарылышы боюнча 90 текшерүү жүргүзүлүп, аныкталган 195 мыйзам бузуулар боюнча 92 прокурордук чара көрүү актылары келтирилип, 11 адам тартиптик жоопкерчиликке тартылып, сотко 4 доо арыздар келтирилип, баары канааттандырылган.

2023-жылы жаш өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштардын жалпы саны 1 832 (2022-жылы –  2 000) катталган. 2023-жылы балдар тарабынан 1 552 (1 698) кылмыш жасалып, 2022-жылга салыштырмалуу 146га азайган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен 426 кылмыш иши соттун кароосуна жиберилип, 1 126 иш кыскартылган.

2023-жылы аялдарга карата жасалган кылмыштар 8 340 (5181) кылмыш иши козголуп, былтыркы жылга салыштырмалуу 3 159 ишке өскөн. Алардын ичинен, 3 867 кылмыш иши соттун кароосуна жиберилип, 2 120 иш өндүрүштөн кыскартылып, 1 574 иш өндүрүштөн токтотулган, 779 кылмыш иши тергөө стадиясында турат.

Кокодон илген коррупция

Коррупциялык  жана кызматтык кылмыштар боюнча, 2023-жылы укук коргоо органдары тарабынан 1 116 (1057) кылмыш иши козголгон. Тактап айтканда, Прокуратура органдары тарабынан – 506, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан – 385, Ички иштер министрлиги тарабынан – 228. Аталган категориядагы кылмыш иштеринин ичинен 403 кылмыш иши соттун кароосуна жиберилип, (прокуратура органдары тарабынан — 202, УКМК – 147, ИИМ – 54), 361 кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган (прокуратура тарабынан – 113, УКМК – 84, ИИМ – 164).

Бул жерде баса белгилеп айта кетчү жагдай, кылмыш иштери боюнча алдын ала аныкталган мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 5 миллиард 202 миллион 525 миң 572 (4 679 160 932) сомду түзгөн, аталган сумманын 59 пайызы тактап айтканда, 3 миллиард 044 миллион 373 миң 50 (3 323 172 029) сом  өндүрүлдү. Анын ичинен, Прокуратура органдары тарабынан – 1 миллиард 745 миллион 411 миң 719 сом, Ички иштер министрлиги тарабынан1миллиард 298 миллион 961 миң 331 сом, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызмат тарабынан – 1 миллиард 511 миллион 911 миң 022 сом мамлекеттин пайдасына кайтарылган.

Коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багыты боюнча, 2023-жылы жалпысынан 7922 текшерүү жүргүзүлүп, 19166 мыйзам бузуу аныкталган. Аларды четтетүү максатында 10518 прокурордук акт келтирилип, 539 кылмыш иш козголгон. Жыйынтыгында 5242 кызмат адамы тартиптик,  2 270 кызмат адамы административдик жоопкерчиликке тартылып, мамлекеттин эсебине 12 миллиард 22миллион 941 миң 43 сом өндүрүлгөн. Анын 738 миллион 685 миң 197 сом акчалай, 11 миллиард 284 миллион 255 миң 846 сом натуралай түрдө өндүрүлгөн.

Прокурорлордун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен республика боюнча мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен 2 700 гектар жер тилкеси, 21 социалдык багыттагы объекттер жер тилкелери менен кайтарылды. Алардын ичинен, 7 бала бакчанын, 2 ФАПтын, 1 даарыкананын, 2 лицейдин, 2 мектептин, 1 жогорку окуу жайдын, 1 ат майдан жана 2 бала бакчага тиешелүү жер тилкелер, ошондой эле 1 жатакананын жана 1 маданият үйүнүн имараттары кайтарылган.

Бул жерде Курманкул Зулушев айыпталган жарандын угузулган айыбы далилденбесе, анда мамлекеттик айыптоочу айыптоодон баш тартышы керектигин талап кылып, практикада колдонуп жатканы абдан туура экенин айтып койгонубуз эп. Башкы прокурор: “Өзүңүздөргө белгилүү болгондой мен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорлук кызматына киришкенден баштап мыйзамдын үстөмдүгүн, инсандын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылуу максатында, соттук териштирүүдө айыпкерге угузулган айыбы далилденбесе, анда мамлекеттик айыптоочу айыптоодон баш тартышы керектигин талап кылып келем. Анткени, күнөөсү далилденбеген адамды кылмыш жообуна тартуудан баш тартуу, кылмыш иши боюнча негиздүү айыпты колдоо сыяктуу эле прокурорлордун милдети. Кылмыш ишин кароонун мыйзамдуулугу прокурорлордун кесипкөйлүгүнөн жана объективдүү баа берүүсүнөн көз каранды” – деди.

Баарыбыз билгендей, прокуратура органдарынын негизги милдетти мамлекетибизде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, бузулган укуктарды жана мыйзамдуу кызыкчылыктарды калыбына келтирүү. Ал эми аныкталган зыянды өндүрүү негизги максатка кирбейт. Бирок, буга карабастан 2023-жылы прокуратура органдарынын негизги багыттары боюнча жалпысынан 17 миллиард 979 миллион 359 миң 612 сом аныкталган, 16 миллиард 923 миллион 112 мин 669 сом өндүрүлгөн, анын ичинде 4 миллиард 558 миллион 17 миң 722 сом акчалай түрдө, ал эми 12 миллиард 364 миллион 891 миң 982 сом натуралык түрдө өндүрүлгөн.

Башка өлкөлөрдө жазасын өтөгөн мекендештер

Азыркы тапта чет жактарда 1452 жаран жазасын өтөп жатканы белгилүү болду. Анын ичинде Россия Федерациясынын 79 субъектинде жайгашкан түзөтүү мекемелеринде Кыргызстандын 1167 жараны жазасын өтөшүүдө. Президенттин тапшырмасы менен чет өлкөдө соттолгон биздин жарандарды мындан аркы жазасын өтөө үчүн өткөрүп алуу иштери жүрүп жатат. Атай айтсак, чет өлкөлөрдүн аймагында соттолуп, жазасын мындан ары өтөө үчүн Кыргызстандын 74 жарандары Россиянын, 5 жаран Казахстандан түзөтүү мекемелеринен өткөрүлүп алынды. Дагы 42 жаранды алып келүү жол-жобосу жүзөгө ашырылууда. 326 жаран боюнча тиешелүү соттун чечимдери жана башка документтери Россия Федерациясындан суратылды, алардын жыйынтыгы менен мыйзамда белгиленген тартип боюнча иш алып барылмакчы. Ошондой эле, суроо-жооп маалында Тажикстанда кылмыш жоопкерчилигине тартылган 2 жараныбыз кайтарылганы маалым болду.

Журналисттердин суроолоруна жооп берилди

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жалпы маалыматынан кийин маалымат каражаттарынын өкүлдөрү прокуратура органдарынын ишмердүүлүгү, коомдо резонанс жараткан түрдүү окуялар, кылмыш-чөйрөсү менен күрөшүү, Кумтөр кылмыш иши, укук коргоо органдарында жана аскер бөлүктөрүндө орун алган мыйзамсыз аракеттер, кылмышка шектүү катары катары кармалган саясатчылар, журналисттер тууралуу суроолорду беришти.

Камчы Көлбаевди кармоодо мыйзам бузуулар аныкталган жок

Камчы Көлбаевди кармоодогу мыйзамдуулук боюнча берилген суроого Курманкул Зулушев: “Президентибиз “эгер мыйзам бузуу аныкталса кылмыш ишин козгоп, карагыла” деп тапшырма берген. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери козголгон кылмыш иши боюнча кармоо үчүн барышкан экен. “Каршылык көрсөтүп ошондон улам атышуу болду” дегендин мыйзамдуулугун карадык. Кылмыш ишти караштуулугу боюнча УКМКга өткөрүп бердик. Себеби, бизде азыр тергөө укугу жок. Эгерде УКМКнын кызматкерлерине каршы иш болсо Аскер прокуратурасы тергейт. Андай факты аныкталган жок. Ошондуктан тергөөнү УКМК улантып жатат” — деп жооп берди.

11 блогерге козголгон иштин мыйзамдуулугун каралат

Кармалган саясатчы, журналисттер боюнча да суроого: «Жакында эле 11 блогер кармалып, тергөөсү жүрүп атат. Прокуратура ар бир иштин мыйзамдуулугун карайт. Бүгүн прокуратурада тергөө жок. УКМК жана ИИМде. Ишти козгоого негиз барбы? Биз мыйзамдуулугун карайбыз. Алардын сүйлөгөндөрүнүн, аракеттеринин экспертизасын алып келип иш козгоп, баш коргоо чарасын камакта кылып тергейбиз дейт. Биз болсо мыйзамдуулугун гана карайбыз. Ошол ар бир иштеги процесуалдык аракеттердин мыйзамдуулугун карап турабыз. Кармалган жарандардан, адвокаттардан арыздар келет. Бүт баарып текшерип, өз-өзүнчө жообун берип атабыз. Эгерде мыйзам бузуу аныкталса, анда кайсыл тергөөчү болбосун кылмыш ишин козгогонго даярбыз», — деди К.Зулушев.

Балыкчыда кызды сүзүп кеткен ИИМ кызматкери жазаланат

Балыкчыда кызды коюп кеткен ИИМ кызматкери боюнча суроого Курманкул Зулушев жооп узатып: «Прокуратура дароо иш козгогон. Шектүү из жашырган, бирок УКМК аны Бишкектен кармады. ШИИБ жетекчисинин агасы кылмышты жаап-жашырууга айыпталып кармалды. Жабырлануучу тарап дооматынан баш тартканы менен мыйзам чегинде баа берилет», — деди.

Арстан Алайдын өлүмү иликтенүүдө

Молдовановка айылындагы №31 дарылоо-түзөтүүчү мекемеде көз жумган Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча да собол узатылды. Ага Башкы прокурор Курманкул Зулушев «Шалаакылык» беренеси боюнча иш козголгонун айтып: «Камактагылар отурган ооруканада тиешелүү инструкция жазылган эмес. Арстан Алай коридордо басып, суу, чай ичсе да чара көрүшкөн эмес. Ал жакта иштеген кыз жаш экен, барганына жети эле ай болуптур. Инструкция жок болгондуктан ага түшүндүрүү иштерин да жүргүзүшкөн эмес” — деди.

 

Зулпукаар САПАНОВ

№9 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 2-февралы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!