"Эркин-Тоо"

Прокуратура жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынды

1-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “КР прокуратурасы жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  мыйзам долбоорлорун биринчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоору биринчи окууда талкуусуз кабыл алынды.

“Прокуратура жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү Президент демилгелеген эки мыйзам долбоору боюнча депутаттарга Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат берди.

Бул өзгөрүүлөр колдоо тапса прокурорлор сотко чейинки текшерүү жүргүзүүгө, анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоп, тергөө органдарына өткөрүп берүүгө же козгоодон баш тартууга, мыйзамда каралган учурда иштерди бириктирүүгө жана бөлүүгө, кылмыш иштери боюнча мыйзам бузуу болсо төмөн турган прокурорду четтетүүгө шарт түзүлөт.