"Эркин-Тоо"

Прокуратуранын тергөөчүсү пара менен кармалды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасынын улук тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, УКМК тарабынан Башкы прокуратура менен биргеликте бүгүн, 14-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасынын имаратында прокуратуранын улук тергөөчүсү А.А.К. 100 000 сом пара талап кылып, алып жаткан жеринен кармалган.

«А.А.К. өзү тергеп жаткан О.Э. аттуу жарандын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук сотунда каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн акча талап кылган», — деп билдиришти УКМКдан.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!