"Эркин-Тоо"
Коом Пресс

Прокурор карьерасын жыйынтыктады

Башкы прокуратурада 35 жылдан бери Куванычбек Асангельдиев аттуу прокурор иштей турган. Жөнөкөй кызматкерден баш прокурордун орун басары, биринчи орун басарлыгына чейин карьералык секирик жасаган. Кыскасы, дал ушул тармактан агарып-көгөргөнү менен белгилүү. Саналуу күн мурун дал ушул прокурорду мыйзам көзөмөлдөөчү органдагы кесиптештери, башкы прокурор Курманкул Зулушев баш болуп калпак-чепкенин кийгизип, пенсияга узатышты. Кезегинде мамлекеттик сыйлыктарга дейре багындырган бул формачан эми ардактуу эс алууга чыгып, жаштарга орун бошотушу өзүнө деле жакшы болду да, туурабы? Биз мындай маалыматтан кабардар болгон соң коомчулукка да Кукебиздин кадамын жарыялап коёлу дедик.