Мезгил өтүп, доор жаңырган сайын психология илими да өнүгүп, психологдор улам бир изденүүнүн натыйжасында жаңылыктарды жаратып, бул кесипти аркалагандар адамдардын коомдук жана үй-бүлөлүк жашоосунда чоң мааниге ээ болуп, өзүн-өзү таануунун жана ички тынчтыкты табуунун жолуна айланууда. Айрыкча, жаш адистердин бул тармакка тартылып, адам психикасынын татаал сырларын чечмелеп, коомго пайдалуу болушу колдоого арзый турган көрүнүш. Бүгүн биз жаш, таланттуу, жогорку билимдүү, “Эмокью” инсандык өнүктүрүү борборунун психологу Мамытова Чолпон Дөлөтбековна менен учурдагы психологдорго болгон суроо-талаптын себептерин, кесипкөй психолог менен психолог-коучтун айырмасын жана психологиядагы жаңы тенденциялар тууралуу маектештик. Чолпон айым өз ишмердүүлүгү, кыз-келиндердин бул тармакка тартылуусу жана психологиялык принциптердин адам жашоосуна тийгизген таасири тууралуу ой бөлүштү.
-Чолпон айым, алгач бул кесиипке кантип келип калганыңыз тууралуу баяндап берсеңиз?
— Негизги билимимди психология тармагында алдым жана бул багытта он төрт жылдан бери иштеп келем. Учурда жеке практика жүргүзүп, ар кандай психологиялык маселелер боюнча кеңеш берем. Мени бул кесипке адамдын ички дүйнөсүн түшүнүүгө жана жардам берүүгө болгон кызыгуу алып келди.
— Учурда атайын адис психологдорго болгон суроо-талап арбын, адамдар кайсы себептер менен көп кайрылышат?
— Туура баамдагансыз, психологдорго кайрылгандар аз эмес, бул жакшы тенденция деп ойлойм. Себеби, адамдар мурдагыдай психологиялык көйгөйлөрдү «чечилбей турган нерсе» катары карабай, анын чечүү жолдорун издешүүдө. Көбүнчө стресстен, депрессиядан, мамилелердеги кыйынчылыктардан жабыркаган адамдар көп кайрылышат. Суроо-талаптын өсүүсүнө заманбап жашоодогу тездик, социалдык медиа, коомдогу жана жеке жашоодогу көйгөйлөр себеп болууда.
— Бизде, Кыргызстанда мырзаларга караганда айымдардын психологдук кесипке тартылуусун, бул тармакта аялдардын көп экенин байкоого болот. Бул эмнеден кабар берип турат деп ойлойсуз?
— Айымдардын бул кесипке көп келиши табигый көрүнүш деп ойлойм. Себеби, аялдар тубаса боорукер, түшүнүктүү жана эмоцияларга жакын болушат. Аларга башка адамдарды укканды, түшүнгөндү жана жардам берүүнү үйрөнүү оңоюраак. Анын үстүнө айымдарда энелик сезим бар, эне бул жаратылышынан табийгый психологдук жөндөмгө эгедер эмеспи. Ошондой эле психология — өзүнүн ички дүйнөсүн түшүнүүнүн, тең салмактуулукту табуунун бир жолу. Көптөгөн айымдар бул кесипти өздөрүнүн өнүгүүсү үчүн да тандашат.
— Психологиялык принциптердин жардамына таянып адам ички дүйнөсүндөгү көйгөйлөрдөн толук арыла алышы мүмкүнбү?
— Мисалы, учурда коучтар тарабынан көп айтылган «Өзүн сүйүү», «позитивдүү ойлонуу» сыяктуу принциптер адамга оң таасир тийгизет. Өзүн сүйгөн адам өз кемчиликтерин түшүнөт жана аларды кабыл алууну үйрөнөт. Бул ага бекем жана салмактуу болууга жардам берет. Позитивдүү ойлонуу болсо, көйгөйлөрдү оптимисттик көз караш менен чечүүгө жол ачат. Эч ким жөнүндө жаман ойлонбоо ички тынчтыкты сактоого жардам берет, себеби терс ойлор адамдын психикасына терс таасирин тийгизет. Бирок мунун баарына адамдар оңой менен көнө коюшпайт, мисалы коучтардын мотивациясынын аркасында ашып кетсе 3-4 ай принципти карманышы мүмкүн, бирок баарыбир табийгый калыбына келет. Жан дүйнө көйгөйүн мотивация менен коучтар айыктыра албайт, себеби ал оору да. Ага кадимкидей эле адис психологдун терапиялары керек болот. Мына ошол олуттуу терапиялардан өтүп айыккан соң гана коучтардын мотивациясы, психологиялык принциптери жардам бериши мүмкүн.
— Адис психолог менен психолог-коучтун айырмасын билбей бараткандайбыз…
— Ооба, айырмасы бар. Кесипкөй психолог — бул атайын билим алган, адамдын психикасынын, травмаларынын терең көйгөйлөрүнөн арылуунун ыкмаларын иштеп чыгуучу адис. Ал эми коуч — негизинен мотивация берүү, максат коюу жана аны ишке ашырууга жардам берүү үчүн иштейт. Коучтар адамдын ички психологиялык абалынан мурда анын келечекке багытын аныктоого басым жасашат.
— Психологиялык изилдөөлөрдөгү, илимдеги акыркы жаңылыктар катары эмнелерди айта аласыз?
— Мен бул психологияны илим дегенден мурда, бул тармак өзүнчө бир чалкып жаткан чоң дүйнө деп айтар элем. Аны адамдар башбакканда түшүнүшү мүмкүн. Демек, чоң дүйнөнүн акыркы жаңылыктары да өтө эле арбын. Кайсы бирин айтарымды да билбейм… Ошентсе да айтарым, акыркы мезгилдерде психологияда эмоционалдык интеллект (EQ) боюнча изилдөөлөр абдан популярдуу болуп жатат. Ошондой эле, травма терапиясы, нейропсихология, жана mindfulness (акылдын тынчтыгы) ыкмалары чоң жаңылык болуп кирүүдө. Психология мындан ары да санарип технологиялар менен интеграцияланып, онлайн терапия аркылуу кеңеш берүү жаңы деңгээлге чыгууда. Мындан башка да өтө көп жаңылыктар байма-бай жаралууда.
Махабат САИДРАХМАНОВА