"Эркин-Тоо"

Путин Украинанын жарандарына Орусиянын паспортун алууну жеңилдетти

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын бүткүл жарандарына орус жарандыгын алуу эрежелерин жөнөкөйлөткөн жарлыкка кол койду. Документтин мазмуну 11-июлда өкмөттүн атайын сайтына жарыяланды.

Украинанын эки облусунун аймагында түзүлгөн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” жикчил түзүмдөрүнүн тургундарына орус паспорту 2019-жылдан тартып жеңилдетилген шартта бериле баштаган.

Путин быйыл 25-майдан тартып Украинанын Херсон жана Запорожье облустарынын жашоочуларына орус жарандыгын жеңилдетилген шартта алууга укук берген жарлыкка кол койгон эле. Бул аймактарда паспорт берүүчү борбор уюштурулган.

Орусия кол салгандан кийин Владимир Путин жана башка орус аткаминерлери “Украинанын аймактарын басып алуу алардын максаты эмес экенин бир нече жолу айтышкан. Ага карабай орус аскерлери ээлеген райондордун баарында Москвага ыктаган администрациялар уюшулуп, аймактардын Орусия Федерациясына кошулушун жактаган жетекчилер дайындалган. Бул аймактарга орусиялык жогорку аткаминерлер келип, аталган облустар “ар дайым Орусия менен” болорун убада кылышкан.

Орус күчтөрү «атайын аскердик операция» деген жүйө менен 24-февралда Украинага басып кирди. Беш айга чукулдаган согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. БУУнун эсебинде, 7 миллиондой адам Украинаны таштап чыгып кетти.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!