Орусиянын президенти Владимир Путин жазгы мөөнөттө 150 миң жаранды милдеттүү аскердик кызматка чакыруу боюнча жарлыкка кол койду.
Путиндин жарлыгы Кремлдин расмий сайтында жарыяланды.
Орусияда ден-соолугу чың эркектердин 18 жаштан баштап жогорку окуу жайларында бир жылдык аскердик кызматты өтөө же ага теңештирилген окуудан өтүшү мыйзам менен милдеттендирилген.
Путин акыркы жолу сентябрда 130 миң кишини күзгү аскердик кызматка чакыруу боюнча жарлыкка кол койгон, ал эми былтыр жазында 147 миң адамды аскерге тартуу боюнча жарлыкка кол койгон.