Эл аралык стандартка жооп берген ишкана: жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу, панорамалык, оорукананын лифттерин, курулуш жана мачта, кичи жана чоң жүк көтөргүчтөрдү, брондолгон эшиктерди чыгарат. Бардык технология Германия, Түштүк Корея, Кытай жана Кыргызстандын адистери менен биргеликте иштелип чыккан. Sky industrial group корпорациясынын президенти Рахат Жунушбаеванын айтымында, ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу – жылына 500 даана лифттин түрүн чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар.
Ири компаниянын директору Рахат Жунушбаева буларды айтты: “Төрт жыл мурда менде максат-кыялдар пайда болду. Ал башында кайра-кайра келе берген так эмес кыялдар болчу. Акырындык менен ал улам дааналанып, аны аткаруу үчүн улам көптөгөн ойлор, конкреттүү аракеттер жана кадамдар кошула берди. Эки жыл өткөндөн кийин Өзбекстанда кореялык өнөктөштөр менен кезигишүүгө бардым. Ошол жерден биринчи жолу өз максатымдын өзөгүн таптым, күтүүсүздөн толук канааттанууну жана колдоону сездим. Ушундан кийин кыял-максаттарым орундалып баштады.
Ошондо, төрт жыл мурун, Кыргызстанга завод куруу жөнүндөгү ойлорум жомоктой жана чындык эместей сезилген. Бирок, өз планыңды так аныктасаң, ага күч жумшасаң, сенден эмне талап кылынса аткара алсаң, максатың – чындыкка айланат экен!
Биз бүгүн Кыргызстанда биринчи жолу биздин өлкөнүн тарыхында оор өнөр жайынын флагманы боло турган көп тармактуу Sky industrial group заводун ишке киргизип жатабыз”.
Компаниянын ачылышынын урматына Ысык-Көл облустук ооруканасына жаңы медициналык лифт белекке берилди. Ооруканага мындай лифт көптөн бери зарыл болуп келген, анткени операциядан кийинки бейтаптар дээрлик кабаттан кабатка жөө чыгып же түшүп, кыйналып келишет. Лифт жакынкы арада ооруканага орнотулат.
Кайрымдуулук сыяктуу эле социалдык маанидеги долбоорлор холдингдин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Компания буга чейин «Апа, сен жалгыз эмессиң» аттуу аялдарды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жана гендердик теңсиздиктен коргоо кыймылынын туруктуу демөөрчүлөрүнөн болгон. Жакында эле Ленин айыл аймагынын тазалоочу жайларын модернизациялоого 5 миллион сом өлчөмүндө каражат которгон.
SKY INDUSTRIAL GROUP Борбордук Азия рыногуна жогорку технологиялуу «Made IN KYRGYZSTAN» продуктусун киргизүүгө даяр. Өндүрүш – экономиканын чыныгы тармагы, ал өлкөнүн өнүгүшүнө жана чыңдалышына кызмат кылат. Өнөр жайдын өнүгүшү мамлекет үчүн негизги маселе болушу керек, ал туруктуулук үчүн аракеттенет. Так ушул өндүрүш тармагынан калк үчүн жумушчу орундар түзүлөт, продукция экспортко чыгат, ИДП көбөйөт. Биз баарыбыз Кыргызстан күчтүү өлкө болсо деп тилек кылабыз, бул үчүн Ата Мекендик өндүрүштү колдой турган саясат керек.
№28 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 25-марты
Сымбат Максутова