"Эркин-Тоо"

Райондук ветеринардык башкармалыктарга жаңы унаалар тапшырылды

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын райондук башкармалыктарына жаңы унаалар тапшырылды.

“LADA Нива Люкс” жана “LADA Нива Урбан” үлгүсүндөгү 40 даана унаанын ачкычын тапшыруу аземине Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты.

«Адамзаттын ден соолугунун чың болушунда ветеринарлардын ролу абдан чоң. Мамлекет башчыбыздын демилгеси менен малдан адамга оору жуктурбоонун алдын алган ветеринария кызматкерлерине 40 даана унааны тапшырып жатабыз. Себеби, алыскы жайыттарда атайын дарылоо жана эмдөө иштерин өз убагында өткөрүү өтө маанилүү», — деди Адылбек Касымалиев.

Белгилей кетсек, сатып алынган унаалардын жалпы суммасы 43 млн 600 миң сомду түздү.