"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Райым Матраимовдун өкүл баласы кармалды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мунарбек Сайпидиновдун кармалышы боюнча расмий маалымат таратты. Маалыматка ылайык, ал 2021-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүн жетектеп турган учурда мамлекеттин карамагындагы жер тилкелерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берген деп шектелүүдө.

ИИМдин билдиришинче, Сайпидинов Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Суу райондук филиалынын кызматкерлери жана бир катар жеке тараптар менен биргеликте эл керектей турган жерлерди жана социалдык мекемелерди мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча кылмыштуу план түзгөн.

Анын үстүнөн «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал кечээ Россияда кармалып, бүгүн Кыргызстанга алып келинген. Мындан тышкары, Сайпидинов башка кылмыш иштерге да шектелип жатканы маалым болду.

Белгилей кетсек, кечээ социалдык тармактарда Мунарбек Сайпидиновдун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган видеосу тараган. Анда ал өзүнүн кармалышын Райым Матраимовдун жеке кызыкчылыктары менен байланыштырып, муну ага каршы жасалган аракет катары сыпаттаган.