Райымберди ДҮЙШӨНБИЕВ: “КАТЫЛГАНДЫН КАТЫГЫН БЕРИШКЕ ЭМИ ДА КҮЧҮБҮЗ, ДУХУБУЗ ЖЕТЕТ”

КР Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын мурдагы башчысы, генерал-майор Райымберди ДҮЙШӨНБИЕВ

Биз суроо бердик. Мамлекеттик чек ара кызматынан чыккан генерал Райымберди Сейдакматович соболдорубузга ташка тамга баскандай буйдалбастан жооп узатты. Эмесе, сөөгүнөн бери мекен сакчысына айланган, “окопко жашынбай”, күчтүү духу менен айырмаланган генералдын ынанымдуу пикирлерин бирге тыңдайлы. Бир жөнөкөй факты, Райым мырза алыска чуркай турган түрү бар. Буга мезгил күбө болот.

— Жолдош генерал, учурда коңшу өлкөлөр менен чек араны тактоо уланып, түрдүү пикирлер жаралууда. Мындай шартта, тажик коңшулар менен чыр чыгып кетпесине эч ким кепилдик бере албайт да, туурабы?

— Еврей элинде “Чек ара жөнүндө маселе — бул согуш жөнүндө маселе” деген лакап бар. Буга чейин канчалык дипломатиялык кылдаттыкты көрсөтсөк да, куралдуу агрессия жасалып, акыркы кагылышууда эле 63 мекендешибиз шейит кетти. Булардын баарына көңүл айтып, азаларын тең бөлүшөм. Кепилдик жок, кошуна элдин бийлигине ишеним жоктой. Азыр эми тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдө жылыш болгонунан кабардар болуп жатабыз. Ылайым эле ошондой болсун! Демек, сый-сый менен, бирок, мамлекеттик чек арадан куралдуу өтө турган болсо, катыгын заматта берүү керек. Чыккан жерине киргизе согуп, аёосуз чара көрүү менен экинчи баш көтөргүс кылып салуу зарыл. Күч жана каражаттар, эң негизгиси, биздин аскерлерибиздин духу буга жетет. Бүттү! Башка кеп жок.

— Кудай сактасын, болбой эле тажиктер көнгөн адатынча жаңжалга батынышса, душмандын мизин кантип кайтарабыз?

Бул жагынан тажрыйбаңыз чоң экенинен улам сураганым го?.. — Баштагы сурооңдо айттым го, мамлекеттик чек арадан куралдуу өтө турган болсо, катыгын заматта берүү керек. Бизге катылгандын катыгын кезегинде далай ирет бергенбиз. Буга кечеки тарыхыбыз күбө. Эми дагы беребиз. Бул жагын ишенимдүү айта алам. Ошол эле маалда тажик кошуналар менен чек араны тактоо боюнча дипломатияны, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү токтотпой, буга да удаа коркунучтарга даяр болушубуз керек. Эгерде биз өзүбүз бекем, күчтүү, чечкиндүү, өз ара ынтымакта болсок коңшулар болобу же башкасы болобу эч кимиси баш көтөрүп катыла алышпайт.

— Куралдуу күчтөрүбүздөгү формачандардын, айрыкча чек арачыларыбыздын маянасы көбөйгөн чак. Кошумча айлык формачандарга адилеттүү чегерилди деп ойлойсузбу?

— Мында калет жок. Азыркы өлкө жетекчилигинин мындай жакшы аракетин адилеттүүлүк үчүн баса белгилешибиз керек. Чек арачыларга эбак эле маянасын көтөрүү керек болчу. Өздүк курамынын санын да, сапатын да көтөрүү керек. Заманбап курал-жарак, техника менен жабдып, чет өлкөдө билим алган адистерди жалдап, чек арачылардын билимин, тажрыйбасын жаңы деңгээлге алып чыгуу зарыл. Бирок, маселе бир эле айлыкты көтөрүү менен чечилбейт. Чек арачылардын баардык көйгөйүн комплекстүү чече билүү – учур талабы.

— Өлкөбүздүн коргонуукоопсуздугу жаатында абалыбыз азыр деле суктанаарлык жагдайда эмес. Бул жагынан кандай сунушуңуз бар?

Төбөлдөргө кайрылуу же бир идея менен чыксаңыз болот беле? — Эң оболу, куралдуу күчтөрүбүздө кызмат өтөшкөн аскердик башкаруу органдарынын жетекчилери, жооптуу кызматкерлер өлкө жетекчилигинин колдоосун, анын талаптарын сезе билишсе… Азыр дүйнө бир орунда турган жок. Күн санап эмес, саат, мүнөт сайын өзгөрүүдө. Мындай шартта эски ыкманы коюп, дүйнөдөгү алдыңкы аскер ыкмаларын тынбай окуп үйрөнүп, аны иш жүзүндө колдонгонго даяр болуш керек. Мында кечеки тарыхка да назар салып, жоокерчилик доорлордо ата-бабаларыбыздын аскер өнөрлөрүн, мекенибизди күзөтүүдөгү тарбиялоо ыкмаларын да изилдеп, пайдалана билүүсү мезгилдин шарты.

— Кытай-КыргызстанӨзбекстан темир жолунун салынышы өлкөбүздүн коопсуздугуна канчалык деңгээлде таасир этет? Мунун арты менен тышкы чоң күчтөрдүн ,,куйругун басып” албайбызбы?..

— Бул экономикага байланышкан маселенин аскерлерге түздөнтүз тиешеси бар. Баса турган куйрукту эчак эле басканбыз, мындан тайманбоо керек. Дух, кайрат, эр жүрөктүк, чечкиндүүлүк болуш керек да, туурабы? Марксизм илиминде “Согуш – экономиканын уландысы, ал эми саясат – экөөнүн тең топтолуп концентрацияланган туундусу” деп айтылган. Бул илимдин ордуна башка илим киргизиле элек, улуттук идеология так иштелип чыга электей. Демек, заман чакырыктарына жана коркунучтарына жооп бергенге даяр болушубуз керек.

№103 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 22-ноябры
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

error: Content is protected !!