"Эркин-Тоо"

Рак ооруларын аныктай турган лаборатория ачылды

Бишкекте онкологиялык илдеттерди заманбап ыкма менен аныктай турган инновациялык санарип лаборатория ачылды. Аталган долбоорду Салымбеков университети жана эл аралык биотехнологиялык Cureline Biopathology холдинги (АКШ, Сан-Франциско) биргеликте жүзөгө ашырган.

Медицина илимдеринин доктору, профессор, онколог Рысбек Абдылдаевдин айтымында, лаборатория келечекте жасалма интеллектин жардамын да пайдаланууну пландап жатат.

«Лаборатория рак оорусун Бишкекте жаны технология ыкмалары менен аныктайт, чет элдеги адистерден санарип ыкмасы менен кеңеш (Difital Pathology) алып турат, дартты аныктоодо жасалма интеллекттин жардамы колдонулат. Эгер колдоочулар табылса, санарип ооруканасын (Digital Hospital) ачуу планыбызда бар. Биздин командабызда илимдин докторлору, Intel жана Meta (FB, Instagram) компанияларында эмгектенген адистер топтолгон. Кымбат баада чет өлкөлүк лабораторияларга жиберилген анализдерди мындан ары Бишкектин өзүндө эле текшерсе болот. Баасы кымбат болбойт, бирок жоопкерчилик болот», — дейт Абдылдаев.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!