"Эркин-Тоо"

Равшан Жээнбеков 20-июнга чейин абакта калтырылды

Бүгүн, 2-майда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчы Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Эске салсак, 2022-жылдын 23-октябрында ИИМдин кызматкерлери массалык баш аламандыкка даярдануу боюнча 20га жакын активист, блогер жана саясатчыларды камакка алган. Алардын арасында Жээнбеков дагы абакка киргизилген болчу. Саясатчы 26-апрелде Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлигин койгон.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!