"Эркин-Тоо"
Демилге Эркин Тоо гезити

РЕФОРМАНЫН ҮЗҮРҮ

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин демилгеси менен «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында ар кандай социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган 10 реформа ишке киргизилген. Алар ийгиликтүү ишке ашууда.

“Чү” дегенде эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев курулуш иштерине уруксат алуу жана медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо процессин бюрократиядан арылтуу боюнча 100 күндүк реформаларды баштоону жарыялаган. Май айында «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында 100 күндүк реформаларды ишке ашыруу боюнча иш-чараларды дагы тереңдетип, Президент Садыр Жапаров жетектеген команда өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуу, мамлекеттик аппараттын жогорку темптерин жана ритмин сактоо менен күнү-түнү иштеп жатканына күбө болгонбуз. Бир айдан соң 100 күндүк реформаны ишке ашыруу алкагындагы бир катар демилгелердин жыйынтыгы чыгарылган. Атап айтсак, биринчи багытта ири габариттүү жана оор жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат алуу процедурасы жөнөкөйлөтүлгөн. Мурда бул жол-жобо татаал жана узак болуп, болжол менен 3 күн же 72 саатка созулуп, уруксат алуучунун жеке катышуусун, ашыкча иш кагаздарын жүргүзүүнү жана көптөгөн макулдуктарды талап кылган. Натыйжада, электрондук процессти киргизүү бюрократиялык процесстерди жокко чыгарып, өткөрүү пункттарында уруксат алуу убактысын бир нече саатка чейин кыскартты. Экинчи багытта айдоочулук күбөлүк алуу үчүн «083» формасындагы медициналык маалымкат алуу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү болчу. Бул справканы алуунун жол-жобосу жарандар үчүн адаттагыдай эле түйшүктүү болуп, сегиз дарыгерге, психиатрга жана наркологго кайрылууну талап кылган. Ошондой эле кагаз түрүндөгү версиясын тиешелүү органдарга жеке тапшырып, 7 күнгө чейин созулуп, медициналык мекемелерге 3 жолудан кем эмес кайрылууну талап кылып келген. Натыйжада, справка алуу процесси эки күндөн ашпаган убакытка кыскарып, жарандардын убактысын үнөмдөөгө жана адам факторунун таасирин жок кылууну камсыздады.

Жер трансформациясы жана нотариалдык талаптар

Октябрь айында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 100 күндүк реформалардын дагы жыйынтыгын чыгарды. Атап айтканда, жер тилкелерин бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоо) жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлдү. Трансформациялоонун мурдагы тартиби бир жылдан ашык убакытты талап кылчу. Жумушчу топтордун аракетинин натыйжасында административдик тоскоолдуктар азайтылып, документтерди макулдашуу жана кароо мөөнөттөрү бир нече эсеге кыскартылды. Жаңы эрежелерге ылайык, ашыкча документтер алынып салынды. Жыйынтыгында жер тилкелерин трансформациялоого кеткен убакыт бир жылдан үч айга чейин кыскарды. Мурда эң татаал этаптардын бири археологиялык корутунду алуу болчу. Адистердин жетишсиздигинен улам бул процесс үч айдан алты айга чейин созулчу, бирок азыр ал бир топ жөнөкөйлөштүрүлдү. Айыл чарба багытында пайдаланылган жана калктуу конуштарга жакын жайгашкан жер тилкелери үчүн тарыхый-маданий мурастардын бар же жок экендиги жөнүндө корутунду талап кылынбайт. Калган учурларда корутунду алуу мөөнөтү 15–30 күнгө чейин кыскартылды. Бул өзгөрүүлөр өлкөдө инвестициялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашырууну тездетет, ошондой эле мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатат деп ишенимдүү айтууга болот.

Мындан сырткары, жарандар мамлекеттик органдарга берүүчү документтердин көчүрмөлөрүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүү талаптарын жоюу же жөнөкөйлөтүү боюнча экинчи реформанын жыйынтыгын чыгарды. Баарыбыз билгендей, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана бюрократияны кыскартуу өкмөттүн башкы милдеттеринин бири. Бирок, буга чейин жарандар көптөгөн формалдуу жана керексиз талаптарга, атап айтканда, документтердин көчүрмөлөрүн милдеттүү түрдө нотариалдык жактан күбөлөндүрүүгө туш болушкан. Мындай талап билим берүү конкурстарына, кадрларды тандоого, социалдык программаларга катышууда жана жумушка орношууда болгон. Жарандар паспорттордун, дипломдордун, эмгек китепчелеринин жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрүн нотариустан күбөлөндүрүүгө аргасыз болушкан. Бул практика жарандарга реалдуу ыңгайсыздыктарды жаратты. Мисалы, убакытты коротууга, кезекте турууга, нотариалдык кеңселерге барууга, акча төлөөгө туура келди. Региондордо нотариустардын жетишсиздиги көйгөйдү курчутту. Кээде жарандар бир күбөлөндүрүү үчүн 200 сомдон 800 сомго чейин төлөшкөн – бул ашыкча каржылык жүк болгон. Мына ошол көйгөй бүгүн чечилди. 100 күндүн ичинде мамлекеттик органдар өздөрүнүн ички регламенттерин кайра карап чыгып, ашыкча жана негизсиз талаптарды алып салышты. Азыр “e-Kyzmat” порталынын жардамы менен документтерди электрондук түрдө тапшырууга болот.

Ошондой эле 100 күндүк өкмөттүк акселератордун алкагында жүргүзүлгөн масштабдуу иштердин кезектеги жыйынтыктары чыгарылып, курулуш тармагындагы уруксат берүү тартиби реформаланганы айтылды. Курулуштун жүрүшүндө тоскоолдуктарды кыскартуу аркылуу улуттук өнүгүүнүн темпин тездетүү – бул реформанын негизги максаты. Ага ылайык, мамлекеттик органдар, ведомстволор жана адистер уруксат берүү системасын толугу менен кайра карап чыгып, аныксыз жана татаал жол-жоболорду жоюу багытында иш алып барылды. Рефоманын жыйынтыгында – курулушту баштоого уруксат алуу мөөнөтү 180 жумушчу күндөн 60 жумушчу күнгө чейин кыскартылды, экологиялык экспертизанын мөөнөтү буга чейин 90 күн болсо, көпчүлүк объектилер үчүн 10 жумушчу күнгө чейин кыскартылды. Процесстердин бирдиктүү жана ачык жүрүшү камсыздалды. Ушул жерден кыстара кетсек, дагы бир маанилүү багыт катары, 100 күндүк өкмөттүк акселераторлордун алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн медициналык-социалдык экспертизаны, реабилитацияны жана абилитацияны санариптик чечимдер аркылуу жөнөкөйлөтүү каралды.

Эл аралык ташуулар жана транспорттук көзөмөл

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилигинде өлкөнү 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча Улуттук программада өнүктүрүүнүн төрт негизги багытынын бири катары «Региондук хаб» аныкталган. Буга байланыштуу Кыргызстандын аймагы аркылуу соода-логистикалык агымдардын тоскоолдуксуз өтүшү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү зарыл болот. Мындан улам А.Касымалиев Министрлер Кабинетинин алдына Кытай Эл Республикасына эл аралык автомобиль ташууларына уруксат берүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү милдетин койду. Анткени, Кыргызстан – Кытай каттамы боюнча каттамдарды жүргүзгөн жүк ташуучулар жүктөрдү ташууга уруксат бланктарын алууда көйгөйлөргө туш болушат.

Тереңирээк айтсак, Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы жыл сайын паритеттик негизде эл аралык автомобиль ташууларына уруксаттардын макулдашылган санын алмашышат. Бул бланктар «Учкун» басмаканасында кагаз түрүндө даярдалып, мезгил-мезгили менен «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунда алмашылып турат. Учурда ташуучулар кытайлык уруксат бланктарын алууда бюрократиялык тоскоолдуктарга жана кошумча каржылык чыгымдарга дуушар болушууда. Маселенин негизги себеби – кытай тарап менен интеграцияланган маалыматтык системанын жоктугу, ошондой эле электрондук макулдашуунун заманбап механизминин киргизилбегендиги. Мисалы, 2024-жылы кыргыз – кытай багыты боюнча 85 миң уруксат бланкы берилсе, 2025-жылдын 9 айында эле 95 миң уруксат бланкы берилген, жылдын аягына чейин 120 миң уруксат бланкын берүү пландаштырылууда. Буга оңбогондой каражат кетет. Тактап айтсак, мамлекеттик бюджеттен жыл сайын кагаз бланктарын басып чыгарууга 2 миллион сомго чейин каражат сарпталат.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кытай менен болгон эл аралык автомобиль ташуулары үчүн уруксат бланктарынын электрондук форматына өтүү зарыл. Ошондой эле Кыргызстан – Кытай багыты боюнча уруксат алуу процедурасын толугу менен онлайн форматка өткөрүү керек. Бул үчүн бир катар чечимдерди ишке ашыруу сунушталууда, анын ичинде кытай тарап менен интеграцияланган, электрондук уруксат бланктары менен алмашуу мүмкүнчүлүгү бар маалыматтык системаны иштеп чыгуу зарыл. Арыздарды берүүчүнүн, документтерди жүктөөчүнүн жана уруксаттарды ташуучунун жеке кабинети аркылуу транспорттук органдарга жеке кайрылуу зарылчылыгын жок кылып, онлайн режиминде алууну камсыз кылуу, ошол эле учурда процессти 2 саатка чейин кыскартуу, бажы кызматы тарабынан электрондук уруксат бланктарын кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо шарт. Реформаны ишке ашыруунун натыйжасында ташуучулар убакытты үнөмдөп, чек арадан бир топ тез өтө алышат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле транспорт тармагындагы экинчи реформанын – ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон чек аралардагы транспорттук (автомобилдик) көзөмөлдөн өтүү процедурасын жөнөкөйлөтүү тапшырмасын берди. Кеп транспорттук көзөмөлдүн жыйынтыктары жана Кыргызстан менен ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрдүн ортосундагы уруксат берүүчү документтер боюнча маалымат алмашуунун жоктугу жөнүндө болуп жатат. Буга байланыштуу ата мекендик ташуучулар чек арадан өтүүдө уруксат берүүчү документтерди кагаз түрүндө көрсөтүүгө аргасыз болушууда, бул текшерүү жана өткөрүү пункту аркылуу өтүү процессин жайлатат.

Маселенин көлөмү чоң. Үстүбүздөгү жылдын сегиз айында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан 479 миңден ашык автотранспорт каражаты өткөн, анын ичинен 253 миңден ашыгы – кыргызстандык, 226 миңден ашыгы – чет өлкөлүк. Экспорттук багытта чек арадан жалпысынан 221 миң транспорт каражаты өткөн. Өткөрүү пункттарындагы узакка созулган текшерүүлөр убакытты, каражатты жана ташуучулардын атаандаштык артыкчылыктарын жоготууга алып келет. Натыйжада транспорт каражаттары чек арада 3 сааттан 3 күнгө чейин кармалууда. Бул экспортчулардын жана транспорттук компаниялардын ишине терс таасирин тийгизип, каржылык чыгымдарга алып келет жана өлкөнүн транзиттик потенциалын төмөндөтөт. Кошумча чаралар аткарылса, 100 күндүн ичинде ишке ашыруу транспорттук көзөмөлдөн өтүү убактысын эки сааттан 30 мүнөткө чейин кыскартууга мүмкүндүк берет. Бул чек арадагы ашыкча тоскоолдуктарды жоёт, ата мекендик экспорттоочулар жана импорттоочулар үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ алкагындагы милдеттенмелерин аткаруусун камсыз кылат жана өлкөнүн эл аралык автоташуулар жаатындагы транзиттик потенциалын жогорулатат.

Зулпукаар Сапанов