Маектешибиз жөнүндө кыскача баян. Осмон Кутманов 1942-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айылында туулган. 1965-жылы Фрунзе шаарындагы Финансы-экономикалык техникумун, 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган. Экономика илимдеринин кандидаты, “Эмгек Кызыл-Туу” орденинин, “Эмгектеги артыкчылыгы”, “Эмгектеги каармандыгы”, “Манастын 1000 жылдыгы” жана “Ош шаарынын 3000 жылдыгы” медалдарынын ээси, Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген экономисти”, 12 жыл бою Аксы районундагы “Кызыл-Туу” асыл-тукум эчки өстүрүүчү эксперименталдык совхозунун директору болуп иштеген. Ал жетектеген совхоз Союз мезгилинде 7 жолу катары менен Бүткүл союздук өтмө Кызыл-Тууну жеңип алып, Союздук өтмө Кызыл-Туу аталган совхозго түбөлүккө калтырылган.
СУЛТАН ИБРАИМОВ ТАНДАГАН КАДР
Осмон Кутмановдун жетекчи болуп калышына кыргыз элинин чыгаан инсаны Султан Ибраимовдун салымы чоң. Партиянын Ош облустук комитетинин биринчи катчысы Султан Ибраимович облустун чарбаларын кыдырып жүрүп, Аксы районунда чарбалык кеңешме өткөрүп калат. Райондогу “Ленин” колхозунун башкармасы ооруп, экинчиси командировкада болуп, чарбалык кеңешмеге катышууга башкы экономисти болуп иштеген Осмон Кутманов катышып, айыл чарбасында чарба жүргүзүүнүн, экономиканы көтөрүүнүн ар кандай багыттары туурасында өз оюн билдирет. Султан Ибримовдун ар кандай суроолоруна так, даана жооп берет. Жаш, билимдүү эч нерседен тайманбаган Осмон Кутмановдун кыска, ынанымдуу жооптору Султан Ибраимовду таң калтырат. Обкомдун биринчи катчысы: “Мындай мыкты кадрларды эмнеге айылда алып жүрөсүңөр? Бул жигитти районго жетекчи кылып койсо да иштей турган жигит экен, райондук жетекчилик кызматтарга резервге алгыла, чарбаны уюштурууда экономиканы мыкты билет экен деген көрсөтмө берет”. Ал кезде районго жетекчи боло турган кадрлардын бардыгы обкомдун биринчи катчылыгынан аңгемелешүүдөн өткөрүлгөндөн кийин гана бекитилген.
Көп өтпөй Осмон Кутмановду партиянын райондук комитети чоң ишеним менен Аксы райондук айыл чарба башкармалыгынан жетекчи кылып дайындашат. Ал райондук айыл чарба башкармалыгында иштеп жаткан мезгилде, райондун айыл чарба тармагын айрыкча райондун экономикасын өнүктүрүүгө зор салым кошкондордун бири болгон.
ЭЧКИ ЧАРБАСЫ – КИРЕШЕЛҮҮ ТАРМАК
1978-жылдары Айыл чарба министрлиги тарабынан районго тыбыт багытындагы эчкилерди көбөйтүү үчүн атайын адистештирилген эчки чарбасын уюштуруу туурасында маселе каралып, “Жаңы-Жол” совхозунун базасында жаңы “Кызыл-Туу” асыл-тукум эчки совхозу уюштурулган. Жаңы уюштурулган эксперименталдык эчки совхозуна экономиканы, чарбаны мыкты билген жетекчи тандала баштайт. Ошентип бир нече талапкерлер көрсөтүлүп, акыры жаңы асыл-тукум эчки өстүрүүчү совхозду жетектөөгө мурда райондук айыл чарба башкармалыгынын начальниги болуп иштеген Осмон Кутмановдун талапкерлиги партиянын Ош облустук комитети тарабынан жактырылат.
Ошол кездеги жаш жигит Осмон Кутманов үчүн жаңы чарбаны түптөө оңойго турган жок. Уюштуруу иштеринин түйшүгү, жаңы совхозго мыкты кадрларды тандоо, аларга шарт түзүү жана башка толгон-токой иштерди аткарууга туура келген. Алдыда абдан чоң жана келечектүү милдеттерди чечүү керек эле. Жаңы уюшулган совхоздо административдик имараттар болбогондуктан, ал Кызыл-Туу айылындагы бош какырыган 5 га аянттагы таштак талааны өздөштүрүп, административдик имараттарды, борбордук эки кабаттуу маданият үйүн, машина-трактордук паркты, гаражды, совхоздун эмгекчилеринин ден соолугу үчүн борборлоштурулган оорукананы жана башка көптөгөн эмгекчилер үчүн социалдык объектилерди, жалпысынан малчы-чабандарга 200дөн ашык турак-жайларды, 260тан ашуун малды кыштатуучу короо-сарайларды курдурган. 4 жерге кыргыз телесин чагылдыруучу теле станцияларын, 4 чоң көпүрөнү, 3 маданият үйүн, совхоздун базасы катары келечек кесип ээлери үчүн атайын №53 кесипчилик-техникалык окуу жайын, 50 км-ден ашык жаңы жолдорду, мектеп жана балдар бакчаларын совхоздун эсебинен курдурган.
Осмон Кутманов тыбыт берүүчү асыл тукум эчкилерди өз төлүнүн эсебинен көбөйтүүгө, анын асылдуулугун арттырууга айрыкча көңүл бурган. Мурда кыргыз эчкилеринен анын жүнүн кыркып пайдаланса, эми илимий жакка көңүл бурулуп, арбын тыбыт берүүчү придон тукумундагы эчкилердин санын көбөйткөн. Осмон Кутманов эчкилердин асылдуулугун арттырууга Кыргызстан мал-чарба жана ветеринария илим изилдөө институтунун эчки өстүрүү жана анын селекциясы боюнча лабораториясынын башчысы, айыл чарба илимдеринин кандидаты И.А. Альмеев башкарган окумуштуулар тобу менен бирге илим менен өндүрүштү айкалыштырып зор ийгиликтерге жетишишкен. Ал жетектеген совхоз 12 жыл аралыгында Придон тукумундагы тыбыт багытындагы эчкилердин жалпы саны 55000ден ашкан. Республикада биринчи жолу совхоздун алдыңкы чабандары Көкөлөй Көңдөев ар жүз тубар эчкиден 202ден, ошондой эле Артык Момунов 198ден төл, ар бир эчкиден 300 грамм тыбыттын ордуна 600 граммдан тыбыт тарап алышып, республикага атагы чыккан чабандардан болушкан.
Осмон Кутманов жетектеген “Кызыл-Туу” совхозу айыл-чарбасындагы жетишкендиктери үчүн 1980–1987-жылдары катары менен 7 жолу Бүткүл союздук өтмө Кызыл-Тууну жеңип алып, ал жетектеген “Кызыл-Туу” совхозу айыл чарбасындагы жетишкендиктери үчүн СССРдин ВДНХнын Ардак тактасында сакталып калган.
Ошол мезгилде Осмон Кутманов өзү жетектеген совхозду “миллионер” кылып, совхозго жыл сайын миллиондогон сом кирешелерди киргизип турган. Ал кезде айрым колхоз-совхоздор алган насыяларын жаба албай, карызга баткан чарбалар көп болгон. Чарба жүргүзүүнүн ыкмаларын мыкты билген чарбакер жетекчи катары анын аты Кыргызстанга гана эмес Союзга белгилүү жетекчи болгондугун айтпай кетүүгө болбойт.
Мына ушундай жетишилген ийгиликтери үчүн совхоздун эмгекчилери Осмон Кутмановду Социалисттик эмгектин баатырлыгына, Кыргыз Республикасынын эл депутаттыгына сунуш кылышкан, бирок ошол кездеги райондун биринчи катчысы болуп иштеген В.Д.Линский, райондогу “Кызыл-Жар” совхозунун директору болуп иштеген Н.О.Мешковду эмгек баатыры наамын алууга жана Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинен депутат кылып шайлоого көрсөтмө берген. Ошентип Союзга белгилүү болгон эң алдыңкы совхоздун жетекчиси Осмон Кутманов көралбастыктын айынан бардык сыйлыктардан куру калган.
ОРЕНБУРГДУН КЫМБАТ ТЫБЫТ ЖООЛУГУ
Айтылуу Оренбургдун тыбыт жоолугу кайдан, ким тарабынан өндүрүлүп чыгарылгандыгын айрым атуулдар билбесе керек. Мына ошол аялдар салынуучу үлпүлдөгөн кооз, назик, жылуу тыбыттан жасалган жоолук Осмон Кутманов жетектеген Аксы районундагы “Кызыл-Туу” совхозунун малчы-чабандары, механизаторлору жана жалпы эле жумушчулары өндүргөн баалуу продукциядан алынган. Алгачкы совхоз уюшулганда жалпысынан 5 тоннадан ашыгыраак тыбыт өндүрүлгөн болсо, ал эми кийинки жылдары Оренбургдагы тыбыт жоолук чыгаруучу фабрикага жыл сайын 25 тоннадан кем эмес тыбыт өндүрүлүп жиберилип турган.
ЭКОНОМИСТ- РЕФОРМАТОРДУН ИЙГИЛИГИ
Мына ушундай жашкы ийгиликтердин демилгечиси Осмон Кутманов бир гана “Кызыл-Туу” совхозу эмес, совхоздун аймагында жашаган жашоочулардын, эмгекчилердин, мугалимдердин, дарыгерлердин ар кандай социалдык топтогу адамдардын шарттарына да көңүл бурган. Анткени ал жердеги жергиликтүү калк придон тукумундагы жогорку сапаттагы тыбыт берүүчү эчкилерди багышып, өзүлөрүнүн экономикасын көтөрүп алышкан.
Осмон Кутманов айыл чарбасындагы, айрыкча мал чарбасындагы экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча өзүнүн турмуштук бай тажрыйбасынан алынып жазылган өндүрүштү уюштуруу боюнча бир нече китептердин жана басылмалардын автору катары таанылды. Анын 1984-жылы “Кыргызстан” басмасынан жарык көргөн “Эчки чарбасы – кирешенин булагы”, 1989-жылы “Кыргызстан” басмасынан жарык көргөн “Кыргызстанда эчки чарбасын интенсивдештирүүнүн жолдору” деген көлөмдүү китептерин басмадан чыгарып, өзүнүн чарба жүргүзүүдөгү бай тажрыйбасын окурмандарга тартуулаган.
1987-жылы белгилүү кинорежиссёр Төлөмүш Океев атактуу залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сценарийинин негизинде Кызыл-Туулуу совхоздун директору Осмон Кутмановдун эмгектеги жетишкен ийгиликтерин чагылдырган “Алтынга тете” деген аталыштагы бир жарым сааттык даректүү фильмин тарткан.
ӨЛКӨНҮН ЭКОНОМИКАСЫН ЧЫҢДООДОГУ ЭБЕГЕЙСИЗ САЛЫМЫ
Кыргызстандын экономикасында жана айыл чарбасында мол тажрыйбага бай Осмон Кутманов мына ушундай ийгиликтерди жараткан соң, ал башка жогорку кызматтарды аркалап, өзүнүн бай тажрыйбасын Кыргызстандын өнүгүшүнө арнап келди. Ал 1990–1992-жылдары Кыргыз Республикасынын Колхоздор Советинин башкы начальниги болуп иштеген.
1993-1994-жылдары Жалал-Абад облустук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп турган кезде ал Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык жагынан өсүшүнө бир топ салымдарды кошкон десек жаңылышпайбыз.
Ошол мезгилде Жалал-Абад облусунун губернаторунун биринчи орун басары катары облуста бир топ алгылыктуу иштердин демилгечиси болгон. Экономист катары рынок шартындагы чарба жүргүзүүнүн жаңы формаларын ишке ашырууда өзүнүн башынан өткөргөн бай тажрыйбаларын колдонгон. Натыйжада облустун айыл чарбасында жакшы ийгиликтер жаралган.
Осмон Кутманов чарба жүргүзүүнүн ыкмаларын жакшы билгендигинен улам жогорку ишеним менен 1994-жылы Ош облусунун Алай районунун администрация башчылыгына-акимдигине дайындалат. Ал келгенде Алайда баш-аягы 130 000ден ашуун кой, жылкы жана башка мал болгон. Райондун мурдагы жетекчилиги коомдук малга кышкы тоютун даярдагандын ордуна оюн-зоок, аш-тойлорго өзгөчө көңүл бурулуп калганын көрүп нааразы болот. Осмон Кутманов аким болуп келери менен райондо айыл чарбасындагы жүргүзүлбөй калган реформаны ийгиликтүү жүргүзүп, колхоз-совхоздордогу коомдук малды талатып-тонотпостон менчик ээлерине – элге мамлекет талап кылган реформаны так аткарууга жетишкен. Ошентип Осмон Кутмановдун жетекчилигинин тыкыр көзөмөлүндө Алай районунун эмгекчилерине колхоз-совхоздун мал-мүлкү толугу менен элге бөлүнүп берилген.
Осмон Кутманов өлкөдөгү мыкты экономист-менеджер катары 1995-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы фермерлерди даярдоо институтунун ректору болуп иштеген мезгилде, ошондой эле 1997–2003-жылдары Чүй облустук Жер жана агрардык реформа борборунун директору болуп иштеп, өзүнүн уюштуруучулук жөндөмүн, турмуштук бай тажрыйбасын көрсөткөн. Ал өзү жетекчи болуп иштеген жерлерде чарба жүргүзүүнүн ар кандай ыкмаларын колдонуп, чарбалардын айрыкча экономикалык жактан өнүгүүсүнө көңүл бурган.
БАШКЫ КААРМАНЫБЫЗ – 83 ЖАШТА
Элибизде “Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү” деген накыл сөзү бекеринен айтылбаса керек. Биз сөз кылган каарманыбыз Осмон Кутманов быйыл 83 жаш куракка келди. Бактылуу бир үй-бүлөнүн башчысы. Өмүрлүк жары Ширин эже менен төрт уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Азыркы күндө Осмон Кутманов небере-чөбөрөлөрү менен карылыктын дөөлөтүн сүрүп бактылуу жашап, жаштарга акыл-насаатын айтып, ардактуу эс алууда.
Орункул Сатыкулов

