"Эркин-Тоо"

Рейд учурунда 15 өспүрүм эмгекке тартылганы аныкталды

Жалал-Абад шаарында “Эмгек-өспүрүм” аталышындагы рейд өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейд учурунда Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөрдүн оор жумушка тартылуусу текшерүүгө алынды.

Рейддин жүрүшүндө жашы жете элек 15 бала эмгекке тартылып, иштеп жаткандыгы аныкталды. Алардын ата-энелери жана жакындарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган рейддин максаты – коомдук жайларда, соода-сатык дүкөндөрдө, унаа жуучу жайларда жана оор жумуш менен алектенген башка жайларда иштеп жаткан жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулуктун жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу болуп саналат.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!