Кыргызстанда алгачкы ирет тарыхый сериал тартыла баштады. Бул тууралуу сериалдын режиссёру Сүйүн Откеев билдирди.
«Кара кыргыз» деп аталган бул сериалда 1917-жылдардагы эл үчүн күрөшкөн беш инсандын тагдыры аркылуу үркүн, саясий күрөш жана советтик репрессия окуялары чагылдырылат.
Сүйүн Откеевдин айтымында, башкы каармандар Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков жана Абдыкерим Сыдыков болот.
Белгилей кетсек, «Кара кыргыз» сериалын “Кыргыз сериал” жана “Арна продакш” компаниялары биргелешип тартууда.