26-27-28-февраль күндөрү Бишкекте, 29-февраль, 1-2-март күндөрү Ош шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан “Агро-Диалог” аталышындагы республикалык агроөнөр жай форуму өткөрүлөт.
Форумда дыйкан, фермерлер айыл чарба тармагынын алдыңкы ишкерлери менен таанышып, талкуунун жыйынтыгында өнөктөштөрдү табууга өбөлгө түзүлүп, ишкерлер бизнесин өнүктүрүүгө жана өз продукциясын сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүктөр жаралат. Форум — айыл чарбасындагы алдыңкы ишкерлердин тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн ири аянтча болот. Анда айыл чарба тармагындагы көрүнүктүү лидерлердин жана мамлекеттик кызматкерлердин катышуусу менен конференциялар, тематикалык сессиялар өтөт. Ошондой эле Б2Б аянтчасында кызыккан тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, дароо келишимдерди түзө алат.
Иш-чарага республиканын бардык облустарынан дыйкандар, ишкерлер, кайра иштетүүчүлөр жана өндүрүүчүлөр чогулат.
Иш-чара үч күн үч түрдүү багытта өтөт:
1 күн – мал чарбасын өнүктүрүү:
— Эт тармагын өнүктүрүү жана жаңы рынокторго чыгуу (экспортерлор, кайра иштетүүчүлөр, өндүрүүчүлөр);
— Кыргызстанда канаттуулар чарбасын өнүктүрүү;
— Заманбап аквакультура жана анын балык чарба комплексиндеги ролу;
— Жүн, тери өндүрүшүн жаңы технологиялар менен өнүктүрүү;
— Аарычылыкты өнүктүрүү деген темалаларда сессиялар уюштурулуп, жыйынтыгында кызыкдар тараптар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, келишимдер түзүлөт.
2 күн – дыйканчылыкты өнүктүрүү:
— Кант тармагын өнүктүрүү;
— Жашылча жана бакча өсүмдүктөрүнүн рыногунун келечеги;
— Картошка тармагын өнүктүрүү;
— Май өсүмдүктөрү тармагын өнүктүрүү;
— Кыргызстандын айыл чарбасындагы дан жана буурчак өсүмдүктөрүнүн ролу;
— Жүгөрү өндүрүшүн өнүктүрүү деген темаларда сессиялар уюштурулуп, жыйынтыгында кызыкдар тараптар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, келишимдер түзүлөт.
3 күн – багбанчылык жана мөмө-жемиш өстүрүүнү өнүктүрүү:
- Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өнүктүрүү;
- Мөмө-жемиштерди өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча ыкма;
- Өлкөдө органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү темаларда сессиялар уюштурулуп, жыйынтыгында кызыкдар тараптар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, келишимдер түзүлөт.
Белгилей кетсек, 26-февралдан 29-февралга чейин Бишкек шаарындагы Жаннат мейманканасында, 29-февралдан 2-мартка чейин Ош шаарындагы Жаннат мейманканасында өтөт.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ