"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы — КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Медицина

Республикалык күйүк борбору жаңыланат

Борбор калаадагы Шаардык тез жардам клиникалык ооруканасынын базасында иштеп жаткан Республикалык күйүк борбору толугу менен жаңыланат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аталган борборго болгон сапарында билдирди.

Борбор жылына 1700гө жакын оор жана өтө оор абалдагы бейтаптарды кабыл алып, дарылайт. Учурда 36 керебет бар, анын ичинен 6 керебет интенсивдүү терапия бөлүмүнө таандык. Бирок жабдуулар эскиргендиктен медициналык жардам көрсөтүүгө тоскоолдук жаратып келет. Мындан улам Министрлер Кабинетинин төрагасы тиешелүү министрликтерге имаратты толук оңдоо жана жаңы жабдууларды алуу боюнча эсептөөлөрдү тез арада даярдоону тапшырды.