— Гүлжигит Кенжекараевич, жакында интернетке жугуштуу оорулар ооруканасында “бейтапка колдонулган ийне менен укол жасады” деген жарандын видеосу тарады. Окуянын чоо-жайы кандай болгон?
— Бул чындыкка дал келбейт. Мындай алешемдикке эч качан жол берилбейт. Биринчиден, медициналык бардык каражаттар, дары-дермектер, тамчылатып укол жасоодо колдонулуучу системалар, ийнелер, кататорлор жана башка керектүү каражаттардын колдонуу эрежелери бар. Бир жолу колдонуучу каражаттар колдонулуп, андан кийин ташталат. Ал коопсуз шартта жок кылынат. Интернетке тараган видеодон соң дарыгерлерди чакырып, текшерүү жүргүздүк. Түшүнүк каттар алынды. Бул кызматкерди ооруканадагы бейтаптарга укол жасабай турган башка бөлүмгө котордук.
— Негизи ооруканада дары-дармек, медициналык каражаттар жетиштүү элеби?
— Бул жагында эч кандай маселе жок. Баары жетиштүү. Акыркы жылдары каржылоого, техникалык базалардын жакшырышына да өзгөчө көңүл бурулууда. Бизге кайрылган бейтап эч бир дарыны дарыканадан, сырттан палатага алып келбейт. Бардыгы мамлекеттин эсебинен берилет.
— Бул ооруканада кезек күткөн бейтаптар көп экени байкалат, бул эмне менен байланыштуу?
— Бизге 1 суткада 350дөн ашуун бейтап кайрылат. Нөөмөтү жок иштейбиз. Биздин оорукана эч көрсөтмөсүз, дарыгердин сунуштамасы жок эле бейтаптарды кабыл алат. Ошол себептерден улам бейтаптар түз эле келишет. Жугуштуу оорулар бул мезгилдик оорулар деп коебуз. Күндүн ысык-суугу бейтаптардын саламаттыгына өз таасирин тийгизбей койбойт. Мезгилдердин алмашуусуу менен жаш балдар арасында вирустук оорулар кайталанат. Мисалы ушу тапта, кеч күз маалында дем алуу органдарынын курч мүнөздөгү сасык тумоосу күч алууда. Аны менен катар сарык оорусунан да жабыркагандар бар, менингит менен да кайрылышууда. Кызылча оорусу, көк жөтөл менен ооругандар да кездешүүдө. Кызылчага каршы эмдөөдөн кийин ооруган балдардын саны азайганы байкалат. Негизинен бизде бейтаптардын 90 пайызы жаш балдар болуп саналат.
— Дарыгерлер жетиштүүбү?
— Чынында, айрым бөлүмдөрдө дарыгерлер жетишпейт. Бейтаптар оор акыбалда да көп келишет. Кабыл алуу бөлүмүбүздө 21 дарыгер иштеш керек эле, учурда 14 адам иштеп жатат. Бейтаптар кезек күтүп калышат. Анын себеби, дарыгерлердин жетишсиздиги менен байланыштуу. Бул жерден белгилеп кетким келет, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз Медициналык Академиянын, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин клиникалык ординатурасынын врачтары биздин бөлүмдөрдө иш алып барып, бизге чоң жардам берип жатышат. Азыркы жаш дарыгерлердин айрымдары менен сыймыктанам. Ичиң жылыйт. Бейтапка аяр мамиле жасоо менен оорунун пайда болушун аныктап, ден соолугунун жакшырышына жан үрөшөт. Изденген иш билгилер – эртеңки кыргыз медицинасынын келечеги. Ал эми арабызда ишин чала кылган, медицинаны бизнеске айландырсам дегендер да бар. Мурда адамдардын умутулуусу башкача болчу, азыр башка дегендей. Айырма бар. Мисалы бизди окуткан дарыгерле: “алгач бейтаптын өзүн көргүлө, сүйлөшкүлө, абалын түшүнгүлө, жүрөгүн уккула, кан тамырдын согушун, денедеги белгилерди байкагыла” дечү. Мен дагы азыр жаш дарыгерлерге дал ушундай багыт бергенга аракет кылам. Андан соң гана УЗИ аппараттарына жөнөткүлө деп айтам.
— Жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу качан бүтөт, аны менен катар ооруканада иштеген дарыгерлердин айлыгы кандай болуп калды?
— 3 кабаттуу 100 орунга ылайыкташкан жаңы оорукана жеке инвестор аркылуу курулуп жатат. Бул иш Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашууда. Негизи жугуштуу оорулар бөлүмүнүн палаталарынын аралыгы алыс, коопсуз болушу керек. Бул оорукана ушундай маселени чечүү үчүн курулууда. Бардык шарты менен кийинки жай мезгилине аяктап калат. Мындан тышкары азыркы ооруканабыздын аймагына да кошумча имарат курулат. Тендер өтсө эле курулушу башталат. Дарыгерлердин айлыгы көтөрүлүп, кызматкерлердин иштен кетпешине шарт түзүлдү. Мурдагыдай башка жерге которулам деген дарыгерлер азайганы байкалат. Ушу тапта кызматкерлердин орточо айлыгы 35-50 миң сом.
— Таажы вирусунун бул оорукананын элдин ден соолугу үчүн көтөргөн жүгүн белгилеп кетсек болот. Дарыгерлер күнү-түнү калк саламаттыгына кам көрүп турушту. Бул окуядан соң медицинада же дарылоодобу эмнелер өзгөрдү?
— Биздин оорукана таажы вирусу башталганда алгачкалардан болуп жардам көрсөтүү милдетин аткарышты. Буга чейин мынчалык эл ооруканага түшкөн жагдай болгон эмес эле. Бирок, оорукана ага туруштук бере алды. Өздүк гигиенаны сактоо эрежесин калыптандырды. Кислород аппараттары азыр ар бир бөлүмдө бар. Бейтапка ыкчам түрдө жардам көрсөтүү жагынан дарыгерлер тажрыйба топтошту. Ооруканадан тышкары, аэропорттон тартып ар кыл жерге стационарлар ачылып, дарыгерлер иштеп жатышты. Дарыгерлер 1 жарым жыл ооруканада жашады десек жаңылбайбыз. Мындай шартта мекенди сүйүү сезими эки эсе жанданаарына ынандым. Дүйнөдө эч ким оорубасын.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы