"Эркин-Тоо"

Республикалык олимпиада: II этап 19-январда башталат

Республикалык олимпиаданын II (райондук) этабы 19-20-январда өтөт. Бул жөнүндө Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.

Анда айтылган маалыматка ылайык, райондук этапка мектептик баскычта 1-2-3-орунду алган окуучулар катышат.

«Олимпиаданын райондук, облустук жана республикалык этаптарына тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлөт.

Олимпиада күндөрү жер-жерлерде олимпиаданын жүрүшү боюнча суроолорго жооп берүү жана чараларды көрүү үчүн министрликте ыкчам байланыш телефондору иштейт«, — деп жазылат маалыматта.

Байланышуу үчүн телефондор: 0312 66 23 70, 0701 74 48 03 (ватсап).

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!