"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Россия 2030-жылы Айга атомдук станциясын жөнөтөт

Россиянын биринчи вице-премьер-министри Денис Мантуров Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алдында РИА Новостиге берген маегинде, өлкө Айга аз кубаттуу атомдук электр станциясын жеткирүүнү көздөп жатканын билдирди.

Анын айтымында, бул станция Айда космос станциясын энергия менен камсыз кылууга жана изилдөө технологияларын сыноого мүмкүнчүлүк берет. Мантуровдун белгилешинче, Айды жана Венераны изилдеп бүткөндөн кийин гана Марска багыт алуу пландалууда.

Ал алдын ала пландарга ылайык, Эл аралык Айды изилдөө станциясы 2035-жылга чейин курулары айтылды. Мындан тышкары, өткөн жылы Роскосмос 2033-2035-жылдар аралыгында Айга ата мекендик атомдук электр станциясын жеткирүүнү пландап жатканын маалымдаган.