"Эркин-Тоо"

РОССИЯ-КЫРГЫЗСТАН АЛАКАСЫ – ӨНҮГҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ

Азыр дүйнөдө татаал процесс жүрүп жатат. Бир полярдуу гегемония кыйрап, дүйнө көп полярдуулукка багыт алганын айтышууда. Ааламдагы бир өлкөнүн, же бир коомдун үстөмдүгүнүн тарыхый мезгили аяктап баратканын баса белгилешүүдө саясатчылар. АКШнын деңиз, жөө аскерлеринин чалгындоо кызматынын мурдагы офицери Скотт Риттер өзүнүн “Куралсыздануу жарышы” китебинин бет ачарында сүйлөп жатып, бир полярдуу дүйнөнүн соңуна чыкканын жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. Анын айтымында, АКШ «дүйнөлүк гегемон» болууну токтотту. Ушул өңүттөн алып караганда, айрым эксперттер, өлкөбүздүн Россия менен тыгыз байланыштагы алакасынан улам, тышкы саясатты алып барууда орустардын гегемониясынан бошоно элек дешип сыпаттап келишет. Ар кимдин пикирин сыйлашыбыз керек. Бирок…

Бирок, Кыргызстан эгемендүү өлкө катары саясый-экономикалык жактан эл аралык мамилелерди түзүүдө ар тараптуу кызматташууга артыкчылык бере баштаганын сезишибиз абзел. Ошону менен бирге Россия менен бир кылымдан ашык мезгилден берки алаканы бир заматта үзүп коюу таптакыр мүмкүн эмес экенин эске алалы. Экинчиден, постсоветтик өлкөлөрдүн акыркы 70-80 жылдагы карымкатышы өтө тереңге сиңип кеткенин унутпайлы. Демек, бир системадан башка системага аттап өтүп кетүүгө убакыт керек. Отуз жыл аздык кылат деп ойлоймун. СССРден бөлүнүп чыккан өлкөлөрдүн бириси дагы дүркүрөп өнүгүп кеткенин көрө элекпиз. Албетте, ар бир мамлекеттин өз кызыкчылыгы биринчи орунга коюлушу шарт. Чоң мамлекеттер басымдуулук кылып, өз саясатын таңуулашы дагы мыйзамченемдүү көрүнүш.

Туура, Кыргызстан экономикалык жактан алганда Россиянын үлүшү чоң. Россия стратегиялык жактан мыкты өнөктөш, анан инвестиция салууда лидер десек дагы жаңылышпайбыз. Өткөн жылы Россия менен Кыргызстандын өз ара соода жүгүртүүсү 3 миллиард доллардан ашып, тарыхый жогорку чекке жеткенин, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында товар жүгүртүүнүн көлөмү дагы 30 пайызга өсүп, 830 миллион доллардан ашканын Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Президент Садыр Жапаров менен жолугушуусунда билдирди. Мындай өз ара кызматташуудан Кыргызстан утулган жок да.

Бүгүнкү күндө Россия АКШ, Евробиримдиктин жана башка өлкөлөрү тарабынан берилип жаткан экономикалык санкцияларына карабастан, экономикалык туруктуулукту камсыз кылып турат. Россия Федерациясынын ИДПсы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 триллион 742 миллиард долларды түзүп, дүйнөдөгү эң ири он экономиканын катарына кирди. 2022-жылы Кыргызстанда баалардын өсүшү 14,7%га чейин өссө, Россияда инфляция 12%ды түздү. Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли 2,9% болсо, Россияда 2022-жылы 3,7% деңгээлинде калды. Дүйнөдөгү ири державалар санкциянын эсебинен Россиянын экономикасынын таш-талканын чыгарабыз дешкен. Тилекке каршы, кырдаал теңирден тескери жагына ооп баратат. Бул тууралуу төмөндө сөз кылабыз.

Кыргызстан бүгүнкү күндө БУУнун, КМШнын, ЕАЭБдин, ШКУнун жана башка саясый-экономикалык биримдиктердин аянтчалары аркылуу эгемендүү өлкө катары өзүнүн позициясын аныктап, өз алдынча саясат жүргүзүп келет. Акыркы эки жылдын аралыгында өлкөбүз үчүн стратегиялык жактан маанилүү долбоорлор болгон Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун, ири ГЭСтердин курулушун алсак болот. Бул долбоорлорду ишке ашырууда учурунда артка кылчактап чечкинсиздигин көрсөткөн өлкө башчылары болгон. Ошондой эле Араб өлкөлөрү менен кызматташууну күчөтүп, финансылык каражаттарды тартууда максаттуу фонддордун түзүлүп жатышы зор жаңылык. Бул дагы болсо, ар тараптуу кызматташуунун жемиши десек болот.

Эми маселенин экинчи жагына токтололу. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөлүк экономикада доллардын үстөмдүгү жүрүп келди. АКШнын бийлиги Россияга экономикалык санкцияларды берип, анын эпкини кошуна Казакстан, Өзбекстанга жетти окшойт. Кыскасы, экономикалык өнүгүүсүндө долларга артыкчылык берген өлкөлөр сак-сактай турган учур жаралды. Бирок, экономикалык санкциялар АКШнын өзүнүн башына тийген муш болгонун массалык маалымат каражаттары жаза баштады. Маселен, АКШнын финансы министри Жанет Йеллен январь айында мамлекеттик карыздын чегинин 31,381 триллион долларга жеткенине байланыштуу «өзгөчө чаралардын» башталышы жөнүндө Конгресске коңгуроо кагып, мамлекеттин карызы боюнча маселесин чечип алмайын өкмөт өзүнүн милдеттенмелерин аткара албастыгын билдирген. «Эгер Конгресс карыз алуунун чегин кеңейтип бербесе, АКШ 1-июндан тарта мамлекеттик карызын толугу менен тейлөөгө алы келбей калышы мүмкүн» деген эле Йеллен.

Мындай шартта ар бир өлкө соода алкасын түзүүдө өзүнүн валютасын пайдаланууга аракет кыла баштады. Маселен, Кытай менен Бразилиянын ортосундагы финансылык жана соода операцияларын улуттук валютада жүргүзүү боюнча келишим түзсө, БАЭден суютулган газды юань менен сатып ала баштады. Россия менен юань, рубль менен соодалашууга өтүшүүдө. Ал эми Беларусь мамлекеттик технологиялык университетинин Бизнес технологиясы, менеджмент жана туруктуу өнүгүү боюнча кафедра жетекчиси, экономика илимдеринин доктору Ирина Новикова учурунда акчасын доллар менен топтоп, сактап келген адамдар эмитен ойлонушу керектигин Sputnik радиосунун эфиринен айтты. Айтор, долларга ишеним жоголуп, анын гегемониясы урап баратканын билдирген пикирлер көп.

Жакында Президент Садыр Жапаров 9-Май жеңиш күнүн утурлай, Россия Федерациясына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Президент Владимир Путин жана Федералдык Жыйындын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко, Мамлекеттик Думанын Федералдык Жыйынынын Төрагасы Вячеслав Володин, Өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашып, эки мамлекеттин кызыкчылыгында кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча кеңири пикир алмашып, эки тараптуу кызматташууда Кыргызстан өз позициясын ачыктап келди. РоссияКыргызстан алакасы өнүгүүгө стимул берүүчү күчкө ээ. Анткени, Россияда иштеп жаткан миллиондогон мигрант жарандарыбыз өлкөбүздүн казынасын кыйыр түрүндө толтурууга салымын кошуп келет. Көп жылдарды камтыган тарыхыбыз, маданиятыбыз бирге калыптанып келгенин тана албайбыз. Чет элдик өкмөттүк эмес уюмдар демократиялык принциптерди курал кылып ооз көптүрүп сүйлөшкөнү менен, алардын экономикалык өнүгүүгө болгон сунуш-талабы дээрлик жок экен. Ушундан улам, экономикалык өнүгүүгө артыкчылык берип, элдин жашоо-турмушун жакшыртууга болгон аракет ар дайым өз үзүрүн берери талашсыз.

Шекербек КАЛЫКОВ
№38 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 12-майы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!