Россиянын Владивосток, Хабаровск, Приморье крайлары жана Сахалин, Тверь областтарында бензиндин дүң баасы чекене баадан ашып кеттидеп маалымдады “Известия” басылмасы. Эгерде кырдаал июнь айына чейин оңолбосо, көз карандысыз май куйуучу станциялар банкротко учурашы мүмкүн. Ошондуктан, Энергетика министрлиги мунайзаттарын темир жол аркылуу ташууларды субсидиялоо жөнүндө токтомдун долбоорун өкмөткө сунуштоодо.Бул чара чекене баалардын өсүүсүн токтотууга мүмкүндук берет.