Тагыраак айтсак, Москва шаарынан жана Москва облусунан медициналык мекемелерге кыргызстандык энелер тарабынан ташталган 2 жашка чейинки беш бала Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Наристелер дароо балдар үйүнө убактылуу жайгаштырылган. Министрлик эми алардын туугандарынын изделе тургандыгын билдирди.