Россияда миграциялык эреже-талаптар катаалдашып, текшерүүлөр күч алгандан бери ал жакта эмгектенген мекендештерибиздин түйшүгү көбөйүп, иштөө машакатка айланууда. Жыл жаңырары менен Россиянын Мамлекеттик Думасы миграция саясатын катаалдаштырган дагы бир мыйзам долбоорун сунуштап, медициналык кароодон баш тарткан чет элдик жарандарды соттун чечими менен депортация кылып же айып пул салмай болууда. Ошондой эле жугуштуу дарты бар чет элдиктер дароо депортация кылынат.
Кененирээк айтсак, Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володиндин айтымына караганда депутаттар чет элдик жарандарга карата жаңы эрежелерди киргизүү жана медициналык көзөмөлдүн деңгээлин жогорулатууну көздөп жатат. Анда башкы жаңычылдык милдеттүү медициналык кароонун мөөнөтүн үч айдан бир айга чейин кыскартуу болууда. Бул процедурадан чет элдиктер өлкөгө киргенден тартып 30 күндүн ичинде өтүшү керек. Эгерде текшерүүдөн өтпөй калса, административдик жоопкерчилик каралып, айып салынат. Айрым учурларда сот өлкөдөн чыгаруу чечимин да кабыл алышы мүмкүн.
Ошондой эле жасалма медициналык маалымкатты даярдоого каршы күрөшүү жагын да киргизүү пландалууда. Мигранттардын бардык текшерүүлөрүн жүргүзгөн медициналык мекемелер жыйынтыктарын Россиянын Ички иштер министрлигине кабарлап турат. Эгерде кароо учурунда жугуштуу оорулар аныкталса, депортация кылуу үчүн маалымдамалар Роспотребнадзорго жөнөтүлөт.
Миграция боюнча эксперт Гүлнара Дербишева маалымат каражаттарынан медициналык кароо 90 күндөн 30 күнгө кыскарышы өтө чоң оорчулук жаратаарын белгилеп: “Медкароодон өтүш үчүн аябай кезек көп. Аны өздөрүнүн атайын сертификацияланган лабораториясынан өтүшүң керек. Мурда 90 күн болгондо деле биздин көп мигранттар жетишпей калат эле. Азыр булар ошону 30 күнгө кыскартабыз деп жатат. Отуз күнгө кыскартуу биздин мигранттар үчүн өтө кыйын маселе. Булар айтып жатат “эгерде 30 күндүн ичинде кирбесеңер, автоматтык түрдө реестрге киресиңер” деп. Экинчиден, ошол медкароонун жыйынтыктары автоматтык түрдө ИИМ менен Роспотребнадзорго кетет дейт. Эгерде сенде ВИЧ/СПИД, кургак учук сыяктуу өзгөчө коркунучтуу ооруң болсо, бул автоматтык түрдө реестрге киресиң деген маанидеги мыйзам болуп жатат. Бул деген бир эле себеп менен “сен Орусиядан чыгып кетишиң керек” дегендик. Булар мигранттарга жашоону дагы да өтө татаалдаштырып жатат” деген.
Баарыбыз билгендей, 2024-жылы кабыл алынган мыйзамдардын көбү 2025-жылы күчүнө кирди. Эң башкы көйгөй көзөмөл реестри болуп жатат. Болбогон мыйзам бузуу үчүн ушул тизмеге киргизилип, андан чыгуу “кара тизмеден” дагы оор болуп калды. Реестрден эптеп чыккандар болду, бирок ошол эле маалда жаңылары кайра кошулууда. Ушул учурда эң оор маселе мигранттардын жүргөн жерин көзөмөлдөгөн «Амина» тиркемеси болууда. Бул абдан чоң машакат экени айтылып жатат. Анткени, мигранттар күн сайын тиркемени ачып кайсыл жерде жүргөнүн геолокация көрсөтүш керек экен. Эгер унутуп калып же телефонуң, интернетиң иштебей калып өзүңдүн дарегиңди көрсөтпөй калсаң, шак эле реестрге түшүп каласың. Негизи тиркеменин өзү да жакшы иштебейт экен. ВПН менен социалдык тармактарга кирип, ютуб көрсөң дагы «Аминада» көрүнүп, “ВПНди өчүр деген” билдирүү келип жатыптыр. Бул ар бир адамды тыкыр көзөмөлдөө болуп эсептелет. Эл аралык мыйзамдарга такыр туура келбейт. Жарандын коопсуздугу, жүргөн жеринин конфиденциалдуулугу деген сыяктуу укуктарын бузат.
Өткөн жылдын ноябрь айында Россиянын Мамлекеттик Думасы медициналык камсыздандыруу системасын жакшыртууга багытталган мыйзам кабыл алып, мигранттарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алуу шарттарын катаалдаткан. Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин: «Эми биздин өлкөдө бекер медициналык кызмат алуу үчүн чет элдик жарандар Россияда кем дегенде беш жыл легалдуу иштеши керек болот” деген. Эң орчундуу маселенин бири – биздин мигранттардын балдары мектепке бара албай калганы болууда. Орус тилден сынактан өтсө дагы орун жок деген негизде көпчүлүгү балдарын киргизе албай калышканы, колдорунда жок, менчик мектепке бере албагандардын балдары окубай жатканы айтылууда. Бул жагы өтө кейиштүү болуп жатат.
Негизи ЕАЭБдин мүчөсү катары биздин жарандарга жеңилдиктер болушу керек болчу. Биздин өлкөлөрдө товар эркин жүгүртүлгөндөй эле адамдар, эмгек күчү дагы эркин кыймылдап, карым-катыш түзүшү зарыл болчу. Тилекке каршы, Кыргызстандын мигранттары учурда эркин жүрө албай, Өзбекстан менен Тажикстандын мигранттары менен катар болбогон шылтоолор менен реестрге киргизилип, балдарын мектепке албай, “Амина” санарип көзөмөлүнө баш ийип жатат. Кээ бир учурда такыр киргизбей, белгисиз себептер менен аэропорттон кайтып кетип жатышат. Жапырт кармоолор, жапырт депортациялар өкүм сүрүүдө. Сотсуз эле участкалык полиция өзү чечип өлкөдөн чыгарган фактылар айтылууда. Биз ЕАЭБдин мүчөсү катары тыгыз кызматташып жаткан соң, биздин жарандарга жеңилдиктер берилиши кажет. Стратегиялык өнөктөш өлкө муну эске алат деген ишенимдебиз.
Кылычбек Кудайбергенов

