Россияда балдар арасында популярдуу болгон Roblox оюн платформасына бөгөт коюлду. Бул тууралуу «Интерфакс» Роскомнадзордун басма сөз кызматына шилтеме берип билдирди.
Маалыматка ылайык, платформада экстремисттик материалдар, мыйзамга каршы аракеттерге чакырыктар, балдардын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүнө терс таасир тийгизүүчү контент аныкталган. Оюндун ичинде террордук акцияларды, мектепке кол салууну жана кумар оюндарын аткаруучу болууга шарттар түзүлгөн. Ошондо эле балдардын коопсуздугу жагын алганда, бул оюн адамдын ким экендигин билбей туруп, онлайн баарлашуунун түзүлүшүп шарттайт.
Роскомнадзор 2025-жыл бою Roblox администрациясына тыюу салынган материалдарды өчүрүү талабы менен эскертүүлөрдү жөнөтүп келгендиги айтылды.

