"Эркин-Тоо"

Россияда жарым-жартылай мобилизациялоо башталды

Бүгүн, 21-сентябрда Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин кайрылуу жасады. Бул тууралуу орус басылмалары билдирди.

Путиндин кайрылуусу Донбасс жана Украинанын чыгышында болуп жаткан аскердик операция жана аталган аймактарда Россиянын курамына кошулуу боюнча өтө турган референдумга байланыштуу болду.

Путин атайын аскердик операция өзүнүн максатына жетерин билдирди.

«Украинадагы атайын аскердик операция өзүнүн максатына жетет. Аны колдоо үчүн жарым-жартылай мобилизациялоо туура деп билем»,- деди Путин.

Владимир Путин мындан сырткары Европа жана НАТО өлкөлөрү болгон чектен өткөнүн билдирип, Россиянын аймактык бүтүндүгүн колунда бар курал менен колдой турганын кошумчалады.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!