2025-жылдын январь айынан тартып, Россия Федерациясында СИМ-картаны иштетүү үчүн жаңы эрежелер киргизилген. Ага ылайык, чет өлкөлүк жарандар мобилдик операторлордун СИМ-карталарын иштетүү үчүн төмөнкү кадамдарды аткарышы керек:
— СНИЛС алуу (Көп функционалдуу борборго (МФЦ) же Социалдык фондго (СФР) кайрылуу керек. Арыз берилген күндөн тартып, 5 жумуш күндүн ичинде даяр болот);
— Мамлекеттик кызматтар (Госуслуги) порталында катталуу;
— Банктар аркылуу биометрикалык каттоодон өтүү (үн жаздыруу жана сүрөткө тартуу процедураларынан өтүү).
Жогорудагы талаптарды аткарып, паспортуңуз жана анын нотарилдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен мобилдик операторлордун тейлөө борборлорунан СИМ-картаны каттоодон өткөрүңүз.
Эгерде, аталган талаптар 2025-жылдын 1-июлуна чейин аткарылбаса, СИМ-карта иштебей, байланыш кызматтары жеткиликтүү болбой калат.
Кошумча маалымат жана суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө төмөнкү дарек боюнча кайрылуу керек: Москва ш., Малая Полянка көч., 7-үй, корп. 5 (метро Полянка). тел.: +7 996 968 98 97 (күнү-түнү иштейт); +7 925 030 26 27; +7 495 197 76 71; (кошумча 203, 204, 205 — иш күндөрү (дүйшөмбү-жума, 9.00-18.00).