"Эркин-Тоо"
Медицина

Россиядан «Гам-КОВИД-Вак» вакцинасынын 20 миң дозасы келди

Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматына ылайык,  Кыргызстанга Россиядан «Гам-КОВИД-Вак» вакцинасынын 20 миң дозасы келди. Эске салсак, буга чейин Россиядан «Спутник V» вакцинасы келген.

Учурда өлкөдө калкты Кытай жана Россия мамлекеттеринде өндүрүлгөн вакцина менен коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлүп жатат.