Бул жумада өлкөбүз өтө жыш саамалыктарга толду. Эң башкысын айтсак, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин мамлекеттик сапар менен Кыргыз Республикасына келди. Ардактуу конок “Манас” эл аралык аэропортуна конору менен Президент Садыр Жапаров жогорку сый-урмат менен тосуп алды. Келген күнү Владимир Путин Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар койду.
Эртеси Президент Садыр Жапаров менен Россиянын Президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземинен кийин кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүп, кыргыз-россиялык өз ара аракеттенүүнүн негизги маселелерин, ошондой эле кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулашты.
Россиянын Президентин тосуп алган Президент Садыр Жапаров Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары өз ара түшүнүү, жогорку ишеним жана союздаштык алакалар менен стратегиялык өнөктөштүктү биргеликте чыңдоо ниетине негизделген кыргыз-орус мамилелеринин бекемдигин айкын тастыктап турарын белгиледи. Ошого катар көп жылдар бою, анын ичинде окуялары түбөлүккө жалпы тагдырды аныктап, азыркы кызматташтыктын пайдубалын түзгөн Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында биздин элдер биримдикти жана боордоштук колдоону көрсөтүп келгенин билдирди.
Өз кезегинде Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин мамлекеттик сапар менен достук мамиледеги Кыргызстанга келүүгө чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Россия Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөшү экенин баса көрсөттү. Ошондой эле Россиядан Кыргызстанга салынган инвестициянын көлөмү дээрлик 2 млрд долларга жеткенин белгиледи.
“Өткөн жылы товар жүгүртүү 13,6%га көбөйүп, рекорддук $4,1 миллиардга жеткен. 2025-жылдын январь-сентябрь айларында дагы 17% кошулган. Азыртадан эле бардык төлөмдөрдүн 97%ы улуттук валютада жүргүзүлөт. Сиз Россия инвестициялары тууралуу айттыңыз. Чынында эле инвестициялар да өсүп, дээрлик 2 млрд долларга жетти. Республикада Россиянын катышуусу менен 1,7 миң ишкана иштеп жатат” деди Россия Президенти.
Мындан сырткары, «Чет өлкөдөгү россиялык мугалим” программасынын алкагында өлкөнүн 42 мектебинде Россиядан келген 157 мугалим эмгектенип жатканын белгилеп, 2023-жылы биз сиздер менен биргеликте Кыргызстанда окуу орус тилинде жүргүзүлгөн 9 орто мектеп куруу боюнча биргелешкен долбоор башталып, алардын алгачкы үчөөсүн 2027-жылдын 1-сентябрында ачуу пландалып жатканын белгиледи Владимир Путин.
Президенттердин сөзүнөн кийин эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жетекчилери өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда кыргыз-россиялык кызматташтыктын абалы жана келечеги жөнүндө баяндама жасашты.
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Россиянын Президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында билим берүү, экономика, саламаттыкты сактоо, миграция, эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана «Россия Почтасы» менен «Кыргызстан почтасынын» ортосундагы макулдашууну камтыган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Билдирүүдө эмнелер айтылды?
Президент Садыр Жапаров Президент Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМК үчүн билдирүү жасады.
Анда Кыргыз-Россия өз ара мамилелери биздин элдердин кылымдардан келген достугуна, тыгыз маданий-гуманитардык байланыштарына жана жалпы тарыхый мурасына негизделгени белгиленип, өзгөчө соода-экономикалык кызматташтыкка көңүл бурулганы айтылды. Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналары, анын үлүшү жалпы товар жүгүртүүнүн 22%ын түзөрү, башкача айтканда, өлкөбүздүн тышкы соодасынын дээрлик төрттөн бири Россиянын үлүшүнө таандык экени баса көрсөтүлдү. Баарыбыз билгендей, өлкө башчылары өз ара сооданын көлөмүн жакынкы жылдары 5 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп, жалпы максатка карай туруктуу бара жатканын белгилешти.
Инвестицияга келсек, Россиядан түз тартылган инвестиция быйылкы жылдын алты айында 110 миллион АКШ долларын түзгөнү айтылды. Кыргызстандын рыногун изилдөөгө жана иш алып барууга кызыккан россиялык ишкерлерди ар дайым кубаттап, алардын ийгиликтүү ишмердүүлүгү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө дилгир экенибиз белгиленди. Маселен, 2025-жылдын ноябрына карата Кыргызстанда россиялык катышуусу бар 1800дөн ашуун компания иштеп жатат. Бул өлкөбүздөгү бардык чет элдик компаниялардын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.
Ошондой эле өз ара кызматташтыкка дем берүү максатында Кыргызстанда Россиялык инвесторлор ассоциациясын түзүү боюнча россиялык өнөктөштөрүбүздүн демилгесин толук колдой тургандыгыбыз кошумчаланып, эки тараптуу экономикалык алакаларды өнүктүрүүдө негизги драйверлердин бири болуп калган Россия–Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишине жогору баа берилди. Чынында чоң иш аткарды. Түзүлгөн күндөн тартып Фонд Кыргызстандын экономикасына бир миллиард АКШ долларынан ашуун инвестиция салып, республиканын аймагындагы үч жарым миңден ашуун долбоорду каржылады. Натыйжада, инвестициялардын жалпы көлөмү Фонддун баштапкы уставдык капиталынан эки эсеге көбөйдү. Бүгүнкү күндө Фонддун катышуусу менен жалпы суммасы 175 миллион АКШ долларынан ашык болгон 14 гидроэнергетикалык жана кайра жаралуучу энергия булактарынын курулушу каржыланууда.
Булардан сырткары, Евразиялык өнүктүрүү банкы жана Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду боюнча, билим берүү тармагындагы жемиштүү кызматташуу тууралуу айтылды. Учурда Россиянын ЖОЖдорунда он алты миңден ашуун кыргызстандык студент билим алууда. Алардын жарымы россиялык тараптын эсебинен бюджеттик негизде окутулууда. Ошого катар «Россотрудничество” жана “Евразия” автономдук коммерциялык эмес уюмунун линиясы боюнча өлкөнүн социалдык чөйрөсү үчүн маанилүү болгон көптөгөн биргелешкен долбоорлор бар. Маселен, «Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюмунун демилгеси жана толук колдоосу менен август айында борборубузда Кыргызстанда гана эмес, бүткүл Борбордук Азия боюнча эң ири «Евразия» үй-бүлөлүк эс алуу паркы ачылды.
Биз үчүн эң орчундуу болгон миграция чөйрөсүндө дагы талкуу болгону белгиленди. Эч кимге жашыруун эмес, учурда мигранттар чоң көйгөйлөргө тушугуп жатышат. Тоскоолдуктар абдан көбөйдү. Кудай буюрса, мындан ары аларды чечүү маселелери жолго коюлат деген ишенимдебиз. Билдирүүдө Россиянын аймагында мекендештерибиздин мыйзамдуу түрдө болушун камсыз кылууга, аларга татыктуу эмгек шарттарын жана каралган социалдык кепилдиктерди берүүгө эки тараптын тең кызыкдар экени ырасталганы айтылды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев:
– Биргелешкен билдирүүгө жана 9 документке кол коюлду. Алар экономика, гуманитардык, укук коргоо, аскердик жана башка тармактарды камтыйт. Мындан тышкары, эки мамлекеттин ортосундагы декларацияга кол коюлду. Бул эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде экенин көрсөттү. Эки мамлекеттин ортосундагы байланыштар дагы да кеңейет. Эң башкысы биз стратегиялык өнөктөштүктү, эки тараптуу алаканы мындан ары да чыңдайбыз. Мында соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү, биргелешкен инвестицияларды тартуу, КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ, БУУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында колдоо көрсөтүү каралат. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы келечектеги байланыш, кызматташуу мындан ары да жогорулай берет. Ошондой эле мигранттардын каттоосун азайтуу, көзөмөлдөө реестрине түшкөндөрдү чыгаруу боюнча дагы сүйлөшүүлөр болду. Тышкы иштер, Ички иштер министрликтерине тапшырма берилди. Мындан ары да биз бул боюнча активдүү иштейбиз.
Кыргызстандын Россиядагы мурдагы элчиси Аликбек Жекшенкулов:
– Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары эки мамлекеттин кызматташтыгын арттырууда чоң кадам болду. Биринчиден, сапардын алкагында кол коюлган келишимдерди, экинчиден, орус делегациясынын курамын карасак, баары айкын көрүнөт. Мисалы, чечүүчү адамдар келди. Анда Вице-премьер-министр башында турган Ички иштер, Экономикалык өнүгүү министрлери, Борбордук банктын төрайымы, «Росатомдун» башкы директору жана Абрамович баштаган ири бизнес өкүлдөрү бар. Бул Россиянын бизге болгон мамилесин, ак ниетин көрсөтүп турат. Ошондой эле экономика, коопсуздук, билим берүү жаатында болобу, эки өлкөгө пайдалуу болсун деген максатка багыт алганы ачык билинди. Эки Президент кол койгон келишимдерди карасак, коопсуздуктан баштап саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда тыгыз кызматташууга басым жасалды.
Зулпукаар Сапанов

