Быйыл Россиянын 7 миң жараны Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча арыз тапшырган. Ал эми 2023-жылы алардын саны 10 миңге жакын болгонун Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин директору Арсен Миңбаев парламентте билдирди. Маалыматка ылайык, ал арыздардын негизинде 6 миң кишиге Кыргызстандын жарандыгы берилген.